Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

АКШда ПАРТИЯЛАШТАРДЫН ИЧКИ ЖАРЫШЫ БАШТАЛДЫ


АКШдагы негизги эки партия быйыл ноябрда боло турган президенттик шайлоого өздөрүнүн ырасмий талапкерлерин тандоого киришти. Ички партиялык биринчи шайлоону алар калыптанган саясий каадага ылайык Айова штатынан башташты.

Кошмо Штаттарында республикачылар менен демократтар президенттик шайлоого ырасмий талапкерин тандап алуу үчүн мамлекет башчынын кызматынан дамаа кылган партиялаштарын адегенде өз тарапкерлеринин сынынан өткөрөт. Ички партиялык мындай шайлоо Айовадан башталып, августтун этегине барып бардык штаттарда аяктайт. Бул процесс “праймериз” деп аталат жана анын жыйынтыгында көп колдоо алган кандидат ар бир партиядан президенттикке ырасмий талапкер болуп жарыяланат. Жалпы улуттук курултайларда өз талапкерин демократтар августта, республикачылар сентябрда аташат. Шайлоо быйыл ноябрдын башында болот.

Демократтардан Айовадагы биринчи ички партиялык шайлоону сенатор Барак Обама утуп алды. Аны жергиликтүү активисттердин 38 проценти колдоду. Экинчи орун мурдагы сенатор Жон Эдвардска тийди. Анын көрсөткүчү 30 процент болду. Ал эми АКШнын мурдагы биринчи айымы сенатор Хиллари Клинтон эки партиялашынан артта калды. Демократиялык партиянын тарапкерлери арасында аны жактагандар саны 29 проценттен ашпады. Көпчүлүк байкоочулар күн мурунтан эле Айовадагы шайлоонун баш байгесин Хиллариге ыйгарышкан болчу.

Барак Обама өз жеңишин жаңы үмүттөрдүн жышааны деп атады. “Биз түпөйүл чочулоону эмес, жакшы тилектерди тандап жатабыз. Биз бөлүнүп-жарылууну эмес, биримдикти колдоп жатабыз жана муну менен Америкага өзгөрүү келет деп кабарлап жатабыз”,- деп айтты Обама.

Республикачыл партиядан Айовадагы баштапкы шайлоодо Арканзас штатынын мурдагы губернатору Майк Хаккабиге оомат келди. Жалпы эсепте ал 34 процент добуш алды. Экинчи орунга Митт Ромни чыкты, ал да мурда Массачусетс штатынын губернатору болгон.

Майк Хаккаби баары ушул жерден, Айовадан башталарын белгиледи жана аны жактагандарга ырахматын айтып: “Баарыңарды кудай колдосун!”- деп билдирди. Ал өз жеңишин америкалык саясаттагы жаңы күндүн башталышына жоруду.

Айовадагы биринчи сынак президенттиктен дамаа кылган айрым саясатчыларга кошумча дымак берсе, кай бирөөлөрдүн үмүтүн жалп өчүрдү. Атап айтканда, эки демократ-сенатор Дэлавэр Биден менен Кристофер Додд бир процентке жетпеген добуш алышып, партиялык ички жарыштан чыгып калышты.

Праймериздердин эмдиги айлампасын демократтар менен республикачылар келерки шейшембиде Нью-Гемпшир штатында өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG