Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Кениянын оппозициясы президенттик шайлоону кайра өткөрүү чакырыгы менен чыкты


Кения оппозициясынын пикиринде, президенттик шайлоо өлкөдөгү ички саясий кризисти жөнгө салуу үчүн кайра өткөрүлүшү керек.Өлкөдө 27-декабрда болгон президенттик шайлоодон кийин орун алган
баш –аламандыктардан 300дөн ашуун киши каза тапты, 100 миңдей киши үй жайынан безүүгө мажбур болду. Шайлоонун жеңүүчүсү деп азыркы президент Мвайи Кибаки жарыяланган. Оппозициянын негизги партиясы – "Саргылт демократиялык кыймыл" президент Кибакини добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалаганы үчүн айыптоодо. Президент Мваи Кибаки жана оппозиция лидери Раил Одинго менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бүгүн Найробиге Кошмо штаттардын жогорку даражалуу дипломаты келүүдө

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG