Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Косоводо жаңы парламент ишке киришүүдө


Косовонун жаңы парламентинин алгачкы сессиясы бүгүн өтүүдө жана ал провинцияны көз карандысыздыкка алып барары күтүлүүдө. Парламенттеги негизги эки: Демократиялык партия менен Косовонун Демократиялык лигасы да көз карандысыздыкты жактайт. Алар сүйлөшүүлөр уланып жатканына карабай, коалициялык өкмөт түзүүнү негизинен макулдашты. Косово Демократиялык партиясынын лидери, козголоңчулардын мурдагы колбашчысы Хашим Тачи премьер- министр болору күтүлүүдө. Бул аралыкта Сербиянын премьер- министри Воислав Коштуница Еврошаркет Косовонун көз карандсыздыгын же Сербия менен жакшы мамиленин бирин тандашы керектигин билдирди. Коштуницанын айтымында, шаркет Сербиянын макулдугусуз Косового миссия жиберүү жөнүндө кандай чечим кабыл албасын, эки тараптын алакасына доо кетирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG