Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Грузияда эртең президенттик шайлоо


Бүгүн шайлоонун үгүт өнөктүгүнө тыюу салынган күн. Ошондой эле талапкерлердин жарыштан чыгып кетүүсү үчүн берилген акыркы мөөнөт да аяктады. Экинчи мөөнөткө кайра шайланууну көздөп жаткан Михаил Саакашвилинин алты атаандашы бар. Мөөнөтсүз президенттик шайлоо былтыр ноябрда Тбилисиде өкмөткө каршы чыккан демонстранттар менен полиция күчтөрү кагылышкан соң жарыяланган. Эртеңки добуш берүүгө 800дөй эл аралык, анын ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары да көзөмөл салат. Эгер эртеңки шайлоодо талапкерлердин бири шайлоочулардын 50%дан ашуун добушун топтой албаса, экинчи айлампа жарыяланат.

XS
SM
MD
LG