Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Айовадагы баштапкы шайлоодо Барак Обама жана Майк Хаккаби алдыга чыгышты


АКШнын Айова штатында өлкө президенттигине талапкерди аныктоо үчүн өткөн ички партиялык алгачкы шайлоодо демократтардан Иллинойс штатынан шайланган сенатор Барак Обама, ал эми республикачылардан Арканзас штатынын мурдагы губернатору Майк Хаккаби жеңишке жетишти.

Маалыматтарга караганда, Демократиялык партиянын өкүлү Барак Обаманы бул партиянын Айовадагы жактоочуларынын 38 пайызы колдогон. Экинчи орунда мурдагы сенатор Джон Эдварс, үчүнчүгө мурдагы биринчи айым, азыркы сенатор Хиллари Клинтон чыкты. Ал эми Республикалык партиядан экинчи орунду Массачусетс штатанынын мурдагы губернатору Митт Ромни ээледи. Баштапкы шайлоонун кийинки айлампасы 8-январда Нью-Гемпшир штатында болот. Праймериз деп аталган баштапкы шайлоолор АКШнын 50 штатынынын баарында өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG