Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

11:20 Жогорку Кеңеш жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтөт


Парламент төрагасынын орун басары Чолпон Баекова баштаган депутаттардын тобу бүгүн Ош облусундагы жер титирөөдөн жапа чеккен аймактардагы кырдаал менен таанышуу үчүн бармак. Бирок аба ырайына байланыштуу азырынча Ошко уча албай турушканын «Азаттыкка» бул топтогу депутаттардын бири Ибрагим Жунусов билдирди. Депутаттын айтымында, алар абал менен жеринде таанышып, 30 үй-бүлөгө 10 миң сомдон жардам көрсөтүп келмекчи. Бул жардам биринчи кезекте Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөргө берилет. Бул үчүн ЖК төрагасынын фондусунан 300 миң сом бөлүнгөн. Кечээ төрага Адахан Мадумаров орун басары Чолпон Баекова жана айрым депутаттардын катышуусунда чукул жыйын өткөрүп, анда зилзаладан жабыркаган Карасуу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын тургундарына жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.(SM)

XS
SM
MD
LG