Учурда коомдук парламент түзүүнүн жол-жоболору иштелип жатат. Кыймылдын бүгүнкү жумушчу жыйынында бул маселе дагы бир жолу талкууланды. Кыймылдын катарындагы «Таза коом» партиясынын өкүлү Табылды Акеровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, коомдук парламент түзүлө баштаганы 14-январдагы форумда жарыяланат. Бул жыйында ошондой эле өлкө калкына кайрылуу да кабыл алынмакчы.(SM)