Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Өтүп бараткан аптада коомчулуктун көңүлүн Ош облусунда болгон жер титирөө бурду. Жыл жаңырган күнү удаа катталган жер силкинүүлөр бир топ турак-жайлардын урашын шарттап, кыш күрөөдө жергиликтүү тургундардын бир тобун бейпайга салды.

Жыл жаңырары менен Фергана өрөөнүндө болгон жер силкинүүнүн таасири Кыргызстандын түштүк аймагында алты баллга чейин жетип, андан Ош аймагы, анын ичинде Карасуу районунун Тогузбулак, Ноокат районунун Көкбел, Жарбаш айылдары көбүрөөк жабыркады. Араван, Алай райондору да кырсыкка кирептер болушту. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, жалпысынан 400 чамалаш үй опурталдуу абалда, отуздан ашык турак-жай таптакыр жараксыз деп табылды. Алардын катарында сегиз мектеп, бир оорукана, айылдык бир маданий клуб бар.
Учурда жер титирөөнүн кесепеттерин атайын комиссия иликтеп жатат. Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги колунан келген жардамдын бардыгын аябай берип жаткандыгын байма-бай айтышууда. Өкмөт жетекчилиги, жергиликтүү бийлик тикеси менен туруп, жаратылыш кырсыгына кирептер болгондорго колдоо көрсөтүү аракетин кылышты. Жума күнү кырсык болгон жерлерди кыдырып чыккан Игорь Чудинов элди бушайман кылган учур артта калды деп билдирди:

- Эл азыр тынчтанып калды. Анткени, кырдаал көзөмөлдө болууда. Жергиликтүү бийлик, өкмөт, президент жеке өзү дагы алгачкы күндөрдөгү кырдаалга тынчсызданды.

Алгачкы күндөрү кырсык болгон жерлерди биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев, өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик башылары кыдырып, жер титирөөдөн жабыркагандарга бардык жардамдар болорун убада кылышкан.

Анткен менен, үй-жайсыз калган тургундарды жайлуу, жылуу жерге жайгаштыруу, тамак-аш менен камсыздоо, опурталдуу деп саналган үйлөрдөн кооптуу эмес жайларга көчүрүү аракеттери жабырлануучуларды канааттандырган жери жок. Ош шаарындагы жараксыз деп табылган алты турак үйдүн биринин тургуну Канымгүл Сулуева «Азаттыктын» Оштогу кабарчысына буларды билдирди:

- Жашоого мүмкүн болбой калгандан кийин ушунча элди талаага таштабай, бир жерден үйлөрдү берүү керек, ооз жүзүндө эле кыйкырып-кыйкырып, айтып-айтып кете бербей. Биз азыр министр келди, мэр келди деп эле сүйүнүп атабыз. Элдин ал-акыбалын ойлоп, иш жүзүнө ашыруу керек.

Ал эми Карасөгөт кыштагынын тургуну Алымжан буларды белгиледи:

- Өкмөткө жардам бергенине ырахмат. Бирок чатыр ушунчалык жука экен, түндө жаш балдар ыйлап чыгышты. Бири бешикте, бири эки жашар. Карап туруп ыйладым, ачык айтайын. Балдарым жаш, кандай болот? Аларга да отун-суу, тамак-аш, кийим керек. Малым бар, биякты да карашым керек. Тирилик кантет?

Жер титирөөдөн жапа чеккендердин дагы бири «Чатырда жети киши жаттык. Тоңуп кала жаздадык. Эми айла жок, үйгө киришке мүмкүн эмес, кирбедик» деп кейиди.

Өлкөнүн түштүк аймагынын ушундай жагдайга кирептер болгон жерлери мамлекетке канча чыгым алып келгендигин комиссия эсептеп бүтө элек. Акыркы жер титирөө өкмөттүн капчыгына бир топ эле оорчулук алып келди деп эсептеген талдоочулар өкмөттү жер титирөөнү алдын алуунун чараларын жетиштүү көрбөй жатат деп сындашууда. Талдоочу Базарбай Мамбетовдун көз карашында ушундай кыйчалыш жагдайга кирептер болбоо үчүн жалпы мамлекеттик саясат болушу керек. Ансыз элди жаратылыш кырсыгына камдуу турууга үйрөтүү кыйын болот:

- Имараттарды, үйлөрдү курганда тектоникалык сыныктар жок жерге курганга элди үйрөтүп, мамлекеттин тартибине салышыбыз керек. Антпесек, жер титирөөнүн азабын тарта беребиз. Жер титирөөгө каршы тура турган, тогуз баллга чыдай турган үйлөрдү, мектеп, оорукананын имараттарын, ишканаларды администрациялык имараттарды салышыбыз керек. Ошону мамлекеттик тартип катары киргизе албай жатпайбызбы.

Базарбай Мамбетов мамлекет жаратылыш кырсыктарына каршы ырааттуу саясат жүргүзүүгө кудуретсиз болуп, өңчөй саясий кызыкчылыктарга азгырылып жатат дейт:

- Жакынкы аралыкта мамлекеттин ага кудурети жетпейт. Мына бизде мамлекеттик архитектура комитети деген бар да. Ушунун структурасы ар бир район-облуста бар. Ошол жакшы иштеп, мамлекеттик милдетин аткарса жакшы болот эле. Ал бюрократиялык аппаратка айланып, сүйлөгөнүн, айткан акылын, жасаган ишин эч ким укпайт. Алардын чыгарган тартибин эч ким аткарбайт. Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Ошондуктан, бул мекемени бир мамлекеттик структурага айландырышыбыз керек.

Ошол эле мезгилде окумуштуулар Кыргызстан жер титирөөдөн кыйгап өтө албастыгын белгилеп жатышат. Жаңы жетилип келаткан тоо кыркаларында жайгашкан Борбор Азия чөлкөмүндө жер титирөөлөрдүн байма-бай болуп турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын катарында Кыргызстанда 2008-2013-жылдар жалпысынан жер титирөөнүн арбыган учуруна туура келет. Илимдер Академиясынын Сейсмология институтунун башчысы Канат Абдырахматовдун билдиргенине караганда, айрыкча кыш мазгилдеринде жердин силкинүүсү арбыш ыктымалдыгы бар:

- Биздин илимдин деңгээли анча жогору эмес. Бирок 2008-жылы ошол Ош аймагында, Жалалабаддын тескей аймагында болушу мүмкүн деген божомолду өзгөчө кырдаалдар министрлигине берип атабыз. Ошондуктан, бул аймактын жарандары ага даяр болушу керек.

Дүйнө жүзүндө жер титирөөнүн болор учурун так аныктоого кудуреттүү илимий ачылыш жасала электиги буга чейин айтылып эле келатат. Ошентсе да, болжолдуу маалыматтарга таянуу аркылуу тигил же бул өлкөнүн эл башылары калктын коопсуздугуна камылгаларды көрүшү керек экендигин окумуштуулар эскертип жүрүшөт. Канат Абдырахматовдун белгилегенине караганда, Илимдер академиясы божомолдорду өкмөттүн тиешелүү тараптарына ырааттуу билдирип турат. Бир топ талдоочулар өкмөт сабак алып, жер титирөөнү алдын алуучу системалуу аракеттерди көрүүгө жетиштүү эле тажрыйба топтогондугун айтышууда. Ал эми талдоочу Базарбай Мамбетовдун пикиринде, маселенин бардыгы жаратылыш кырсыктарын алдын алуу чараларын жүргүзүү милдетин алган Чукул кырдаалдар министрлигинин бюрократиялык ситстемага айланып кеткендигинде болуп жатат:

- Чукул кырдаалдар министрлигинин колунан эч нерсе келбейт. Анткени алар бюрократиялык аппарат болуп калган. Былтыр бюджеттен министрликке 2 млрд. сом бөлсө, ошонун болгону 60 млн. сомукурулуштарга, жер титирөөдөн кыйраган үйлөрдү кайра курууга жумшалыптыр. Калган 1 млрд. 400 млн. сом министрликтин аппаратын, кызматкерлердин айлыгын, машинесин, иш бөлмөлөрүн жабдууга кеткен да. Мындай болбойт. Министрликтин ордуна эле облустарда мобилдик механизациялашкан топторду түзүшүбүз керек. Ошол утуш берет.

Ош облустундагы жер титирөөнү Кыргызстанда акыркы жылдардагы алгачкы чоң жер титирөө деп айтууга болбойт. Өткөн жылдын 26-январында Кочкор районунда, андан кийин Баткенде болуп, жергиликтүү калк анын кесепеттеринен эмдигиче арыла албай, өкмөттөн алган жардам чыгымды толук жаба албастыгын айтып, убара тартып келатышат. 1992-жылы Токтогул районунда болгон жер титирөө үч айылды толугу менен кыйратып кеткен, 70-жылдары болгон Ысыккөл өрөөнүндөгү катуу силкинүү Сарыкамыш айылын талкалап кеткен.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG