Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Кенияда баш аламандыктар уланууда


Кениянын оппозиция лидери Райла Одинга өлкөдөгү кризисти жөнгө салуу үчүн бүгүн президентти кызматынан кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү президент Мваи Кибаки баш аламандыктарды токтотуу үчүн улуттук биримдик өкмөтүн курууну сунуш кылган. Анын аралыгында, БУУ Кениядагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди. 27-декабрдан бери уланып жаткан баш аламандыктардын айынан жүз миңден ашуун адам турак-жайларын таштап качууга мажбур болгон. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, 250 миңден ашуун адам качкын болуп, 100 миңден ашуун адам чукул гуманитардык жардамга муктаж. 27-декабрда президенттик шайлоодо өлкөнүн азыркы президенти Мваи Кибакинин жеңишинен кийин, оппозиция шайлоо жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын билдирип, өлкөдө түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн президенттик жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG