Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИН ЖОЮУ КЕРЕК


Энергетика боюнча эл аралык эксперт, эмгек сиңирген куруучу Базарбай Мамбетов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жыл сайын бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнө турганын, бул каражаттын 600 миллион сому табигый кырсыктан кийинки абалды калыбына келтирүү иш-чараларына жумшалса, калган 1 миллиард 400 миллион сому министрликтин өзүн гана камсыздоого кетип жатканын айтты. Анын пикиринде бюрократияга баткан, натыйжасыз иштеген бул структуранын борбордук аппаратын кескин кыскартып, жер-жерлерде гана анын мобилдүү механизацияланган кошуундарын түзүү абзел. Мындайча айтканда бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук түрдө реформага муктаж, андай болбогондо анын иштеп жатышынын зыяндан башка пайдасы жок дегенди билдирет. Азыркы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин трибунасынан бир топ жолу азыр өзү жетектеп жаткан министрликтин ишин сынга алып, анын жетекчилигин миллиондорду жеп коюшканын айтып, айыптап келген. Экс-министр Жаныш Үрүстөмбеков андай айыптоолорду четке кагып келген эле. Эми аты аталган министрликке катуу сындарды айтып келген мурдагы депутат Камчыбек Ташиев өзү бул министрликти жетектеп, байкоочулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы деле болсо мурдагыдай иштеп жатканын, аны тез арада өзгөртүү керектигин айтып жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев өзү жетектеген мекеменин айланасындагы кептер жана анын кандай иштеп жатканы тууралуу “Азаттыктын” эртеңки таңкы түз эфиринде айтып бермекчи. Сүрөттө: Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев

XS
SM
MD
LG