Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

12:45 К. Исабеков: Ысыккөлдө жерлер чет жарандарга дагы эле сатылууда


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков “Азаттыкка” билдирди. Депутаттын айтымында, ал жакында эле облустук акимчиликтен “бир да жер участогу чет өлкөлүк жарандарга сатылган жок” деген кагаз алган. “Ошол эле маалда мен жакшы билем кыргыз жарандарына жер документтери катталып, казак, орус жана башка чет өлкөлүктөргө нотариус аркылуу ишеним кагаздын негизинде сатылып жатат. Ал эми жергиликтүү калкка бул туурасында бөгөт коюуу мүмкүн эмес. Анткени алар менчик ээлери жана кимдин кимге сатып жатканын аныктоо кыйын”, - деди К. Исабеков. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG