Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

13:33 “Жаш саясатчылар” форуму “Жаш саясатчылар мектебин” уюштурганы жатат


Бул тууралуу “Жаш саясатчылар” форумунун мүчөсү Жаркынбаек Касымбеков “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында бул мектепке дилгир жаштар конкурс аркылуу тандалат жана алардын саны жыйырма беш отуз чамасында болмокчу. “Жаш саясатчылар мектебинин” окуучуларына саясатка байланыштуу сабактар өткөрүлуп, жарым жыл ичинде бир топ белгилүү саясатчылар менен жолугушууларды уюштуруу пландалууда. “Бул окуутуу тренинг ирээтинде болот. Жана ошондой эле ар бир окуучуга ораторлук шыгын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берели деп жатабыз. Мисалы камера алдында кандай сүйлөш керек, эл алдына кантип чыгып, өзүн өзү кантип алып жүрүшү керек мына ушул сыяктуу. Ал эми жай мезгилинде окуучулрарды көлгө алып барып, жыйынтыктоочу сеимнар өткөрүп, ар бирине сертификат ыйгарабыз”, - дейт Ж. Касымбеков. Аталган мектеп, февраль айынан тарта ишин баштоосу күтүлүүдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG