Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

16:05 Жер титирөөдөн жабыркаган Ош шаарынын тургундары эки нерсени талап кылышууда


Биринчи талабы - Президент Курманбек Бакиев, зилзаладан жапа чеккен аймактарды өзү кыдырып чыксын. Экинчи талабы: “Адахан Мадумаров “Акжол” партиясынан спикер катары бул жерде жаныбызда туруш керек эле, биз көп добушубузду ага ишенип бергенбиз”, - деп жапа чеккендер кабатыр. Учурда парламент төрагасынын орун басары Чолпон Баекова баштаган депутаттардын тобу Ош облусундагы жер титирөөдөн жапа чеккен аймактардагы кырдаал менен таанышууда. Бүгүн алар Карасуу районундагы Нангар, Карасөгөт жана Тогузбулак айылдарын кыдырып келип, Ноокат районундагы Көкбел айыл өкмөтүн кыдырышууда. Ал эми Чолпон Баекова жер титирөөдөн кийинки кырдаал парламенттин биринчи отурумунда күн тартибиндеги эң негизги маселе болот деп убада кылып, бүгүн кечки саат жетилерде Бишкекке кайтып келээри күтүлүүдө. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG