Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

КЫРГЫЗСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ЧУКУЛ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛҮШҮ МҮМКҮНБҮ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Саясатчылардын кыйласы Грузиядагыдай мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо ушул жазда Кыргызстанда да өтүшү мүмкүн деп болжоп, парламенттик чукул шайлоо аркылуу келген “Ак жол» саясий партиясынын башкы вазийпасы ушул болорун айтышууда. Президентке конструктивдик оппозициядагы саясатчылар болсо мындай божомол чындыкка коошпойт дешет. Президент Курманбек Бакиев жана анын партиясы азырынча кезексиз президенттик шайлоого байланыштуу кыйыр түрүндө да билдирүү жасай элек.

Белгилүү саясатчы Нур Омаров өткөн жылдын декабрь айынын башталышында өлкөдөгү саясий абалга өзүнүн баасын берген. Ал биринчилерден болуп парламенттик шайлоо бурмаланып, бийликтин партиясы алтымыштан ашуун добушка ээ болоорун, жазында президенттик чукул шайлоо өткөрүлөрүн алдын ала айтып чыккан эле. Омаров парламенттик шайлоо анын божомолунан да ашкере мыйзам бузуулар менен өткөнүн, бийлик мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жазында барат, деген божомолун «Азаттыкка» төмөндөгүчө чечмеледи.

- Негизинен Кыргызстанда президенттик чукул шайлоо өткөрүү менимче жазында же жайдын башында күтүлүүдө. Бул мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоого байланыштуу. Себеби президент толугу менен өзү көзөмөлдөй турган парламентти түздү. Эми өзүнүн позициясын чыңдоого аракет кылат.

Омаров белгилегендей президенттик чукул шайлоо өткөрүү менен Курманбек Бакиев оппозицияны саясий айдыңдан алсыратып, өзүнүн жеке бийлигинин үстөмдүгүн арттыруу максатын көздөөдө.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүгө саясий негиз жок. Бирок Грузия менен Казакстандагыдай ыкма колдонулушу толук мүмкүн деген көз карашта.

- Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү акыркы убактарда кеңири колдонулуп жатат. Мисалы, коңшу Казакстанда өткөрүлгөн парламенттик, президенттик шайлоолор буга улгү.Бийликтин атаандаштары даяр эмес мезгилде өз кызыкчылыгына кырдаалды пайдаланып казак президенти ушундай шайлоо өткөрдү. Кыргызстанда ушундай технология майда-чүйдөсүнө чейин колдонулду. Мына ушундан улам бизде дагы кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлөт деген божомолун айрым саясатчылар айтып жатышат. Алардын айтканындай жазында кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлсө, бул тарыхый жоопкерчиликсиздин үлгүсү болуп калат. Референдум, парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Өлкө не деген экономикалык проблемалардын алдында турат. Бийлик биринчиден социалдык-экономикалык маселеге өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ошондуктан быйыл чукул президенттик шайлоо өткөрүүгө саясий негиз жок. Бирок бул ыкма Кыргызстанда толугу менен колдонулушу мүмкүн.

«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо бийлик быйыл президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө барбайт, деген ишенимде. Саясатчынын айтымында, өткөн жылдагы баалардын кескин өсүшү, экономикадагы абал, шайлоочуларды иренжиткен референдум, парламенттик чукул шайлоо бийликке болгон элдин ишенимин жоготту.

- Эгерде президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган болсо анда быйыл эмес, 2009-жылы күзүндө өткөрүлөт. Ага чейин 16-декабрдагы парламенттик шайлоо жөнүндө элдин жаман пикирин бир аз жымсалдап, ага чейин демократиялык аракеттерди жасап, экономиканы мүмкүн болушунча алдыга жылдырып, элдин турмушун дурусурак кылгандан кийин президенттик шайлоону кезексиз өткөрүүнү ойлошот го. Быйыл эле, жазында же күзүндө президенттик чукул шайлоо өткөрүлөт дегенге мен анчейин ишенбейм. Себеп дегенде референдум менен парламенттик шайлоодон кийин бийликке шайлоочулардын пикири жаман болуп калбадыбы. Анан инфиляциянын өсүшү, баалардын кымбатташы, айлык, пенсиялардын алардан жогору көтөрүлбөй жатканы негизги фактор болот. Элдин турмушу абдан начар.

Тургуналиев белгилегендей бийлик 2010-жылда болуучу президенттик шайлоо өтө татаал болот десе, президенттик орунду сактап калууга кезексиз шайлоо өткөрүү ыңгайлуу болсо, анда президенттик чукул шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

Президент Курманбек Бакиев жана анын партиясы азырынча кезексиз президенттик шайлоого байланыштуу кыйыр түрүндө да билдирүү жасай элек.
Ал эми расмий бийлик элдин калың катмары Жогорку Кеңештин түзүмүнө өз добуштарын берип, өкмөттүн курамы түзүлгөндөн кийин саясат менен эмес өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө негизги күч аракеттерин жумшарын айтып келет.

XS
SM
MD
LG