Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

АЙГҮЛ КЫЗАЛАКОВА: ГРУЗИН КООМЧУЛУГУ БИЗГЕ САЛЫШТЫРМАЛУУ АКТИВДҮҮ ЭКЕН


Маектешкен Эдил Касмамбетов Грузияда болуп өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого Кыргызстандан байкоочу катары барган Айгүл Кызалакова, "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу айтып берди.

- Айгүл айым, Грузиядагы шайлоо кандай болду? Мыйзам бузуулар орун алдыбы?

- Бул жерде жакшыраак экен. Эмне дегенде байкоочуларга кенен мүмүнчүлүк берилген. Байкоочулар ээн-эркин басып жүрүшөт. Үкөктүн, тизменин жанында да турушат. Тизмени да карашат экен. Анын үстүнө ар бир участокто телефон, факс, ксерокс жана видеокамера да коюлган. Биз он беш участокто болдук. Ал участоктун ичинде жарымында шайлоонун жүрүшү жаман болду деп айтсак болот. Эмне дегенде эки участокто чүчүкүлак болгон жок. Көзөмөлдөөчүлөр аябай көп болду, ар бир талапкердин атынан. Бир участокто байкоочу үкөктү ээлеп алып, карап, кармап туруп алды. Биз эмне себептен мындай кылып жатасыздар десек. Төрага мага жардам берип атат деди. Кодекс боюнча мындай болбойт да десек, ошондон кийин гана байкоочу ары туруп калды. Анан биз кеткенден кийин эмне болду билбейбиз. Анын үстүнө “карусель” деген технология колдонулду. Үгүт иши жүрдү. Ар биринде эмес кээ бир участоктордун жанында болду. Көбүнчө булар ардагерлерге үгүт иштерин жүргүзүштү. Элдер айтып жатышты, сатып алуулар болду деп. Машинелерди, адамдарды мен өзүм көрдүм. Бир участокто электр жарыгы өчүп калды. Бир жарым сааттай.

- Шайлоодо оппозициянын ролу кандай болду?

- Бул жерде оппозиция аябай күчтүү болду. Алардын өкүлдөрү мыйзамдын иретинде иштеп жатышты. Мага ошонусу жакты.

- Кыргызстандагы элдин активдүүлүгү менен Грузиядагы элдин активдүүлүгү кандай болду салыштырмалуу түрдө?

- Элдери биздикинен аябай активдүү экен. Шайлоонун алдында мен базарга барып элдер менен сүйлөшкөм. Алар айтышат "азыр бизде бир үмүт болуп атат өзгөрүүгө. Бизге эч кандай тандоо жок. Билбейбиз кимге ишенерибизди. Эл кандай чечсе, ошондой болсо, ошондо биз кризистен чыга алабыз" деп айтып жатышты. Анын үстүнө бул жерде жалаң президенттик шайлоо эмес, грузия элине НАТОго өткөнгө макулсузбу же жокпу деген да маселе бар эмеспи. Анан парламент боюнча да шайлоо болду. Үч бюллетень алышты. Ошон үчүн кичине баш аламан болду эл үчүн. Кээ бирөөлөр НАТО деген сөздү да түшүнгөн жок. Бир кемпир келип, “а НАТО деген бир аялбы, ошого добуш беребизди” деген да суроолор болуп жатты. Элдин ою боюнча жарымы айтат кыска мөөнөттө болгону жакшы десе, кээ бирөөлөрү туура эмес элдер даяр болбой калды деп. Эми жыйынтыгын көрөбүз го. Кечээ үналгыдан айтып жатты. Саакашвили мына 52 пайыз алды деп. Эми убакыт көрсөтөт.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG