Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

ЕККУ Грузиядагы президенттик шайлоону тааныды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кээ бир кемчиликтерге карабай, Грузиядагы президенттик шайлоо негизинен эларалык стандарттарга ылайык жүргүзүлдү деп билдирди. Добуш берүү айрым проблемалар бар экенин айкын көргөздү жана аларды кечикпестен чеүү керек, делинет уюмдун отчетунда.
Ал аралыкта грузин оппозициясы шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп нааразылык акциясын өткөрүүдөт. Михаил Саакашвили exit poll пол, же добуш берүүдөн кийинки сурамжылоого таянып, жеңээрин кечээ эле айтып чыккан. Ошол эле маалда ал утушун жарыялоо үчүн расмий санактарды күтөөрүн билдирди. Азырынча добуштардын 10 пайыздан ашууну саналып бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясы Сааакашвили 59 пайыз менен алдыда баратат деп билдирди. Анын негизги оппозициялык атаандашы Леван Гачечиладзе азырынча 22 пайызга жакын добуш алды.

XS
SM
MD
LG