Өлкөдө калың жааган кардан улам көптөгөн жолдор жабылып, аба каттамдары токтотулду. Иран маалымат каражаттары Тегеранда бардык эл аралык жана ички аба каттамдар убактылуу токтотулганын кабарлады. Калың кар өлкөнүн түндүк, чыгыш жана борбордук аймактарына түшкөн.