Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

7- ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстанга совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик 1928-жылдын 7-январында чыккан. Өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери 1993-жылдын 7-декабрында Кыргызстан калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен президентке кайрылышты.

Энесайлык кыргыздар 1657-жылдын 7-январында Красноярскиге келишкен. Красноярск воеводасы М. Скрябиндин билдирүүсүнө караганда Кыргыз ээлигинин Алтыр аймагынан 4 адам келип, ага монголдордун тымызын аракети туурасында кабарлашкан. Кыргыздардын кабарлоосуна ылайык монгол Алтынханынын уулу Лоджан атасынын орустарга берген шерттин бузуп, Красноярск чебине кол салуу үчүн кам көрө баштаган.

Кыргызстанга совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик 1928-жылдын 7-январында чыккан. Христиандардын 7-январдагы эски Рождество майрамы жумушчу күнгө туш келгенине карабастан, борбор шаардын дүкөндөрү иштебей кардарларга кызмат көрсөтүлгөн эмес. Диний көз караштагы конфликт маалымдоо каражаттарында чагылдырылып, «Сахар Сахарыч» деген псевдоним менен бирөө «жумушчу күнү магазиндер иштебей Фрунзе шаары акылынан адашты» деген фельетон жарыялаган.

Таанымал сынчы Б. Медовойдун маалымдоо каражаттарында жарык көргөн сын макаласынан улам, маданият коомчулугу 1953-жылдын бул күндөрү таланттуу жаш калем туурасында кабар алган. Б. Медовой «Кыргызстан» адабият альманахынын кезектеги санын кескин сынга алган. Ал альманахта жарык көргөн Ч. Айтматовдун «Ашым» жана «Газетачы Дзюйо» аңгемеси купулга толо тургандыгын айрыкча белгилеген. Сынчы Б. Медовой, студент Ч. Айтматов кыргыз адабиятындагы орус тилинде жазган биринчи кыргыз экендигин жана анын чыгармалары көркөм сөз менен келиштирилген ийкемдүү тилде жазылгандыгын баса көрсөткөн.

Өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери 1993-жылдын 7-декабрында президент Аскар Акаевге Кыргызстан калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен кайрылышты. Кайрылууда Кыргызстанда жашаган калктардын көйгөйүн курултайда талкуулап, этникалык топтор арасындагы ынтымак, ырашкерчиликти арттыруу керектиги белгиленген. Курултай өткөрүү демилгесине «Кыргызстан эли» уюмунун жетекчиси Т. Мүлкүбатов, «Астүрк» түрк ассоциациясынын төрагасы М. Изаттов, «Чинсон» корейлер ассоциасынын төрагасы В. Цой, «Иттипак» уйгурлар ассоциациясынын төрагасы Н. Кенжеев, «Орзу» өзбек ассоциациясынын төрагасы И. Садыкбаев, дунган ассоциациясынын төрагасы Ю. Дунларов, «Фольстрат» немец ассоциациясынын төрагасы В. Диль, Славяндар фонддун төрагасы В. Вишневский, «Туган тел» татар-башкорт калкынын маданий борборунун төрагасы Э. Смагулин, еврейлердин «Менора» маданият коомунун төрагасы А. Кацев, курддардын «Ныштиман» ассоциациясынын төрагасы С. Касымов кол коюшкан.
XS
SM
MD
LG