Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

8:18 Оштогу жаңжалга улуттук боек сүртүүгө негиз жок


Бул тууралуу Ош ШИИБисинин башчсынын орун басары Чубак Жуманалиев билдирди. Ош шаарында жаңы жыл түнүндөгү мушташтан жапа чеккен балдардын жакындары бүгүн кайрадан шаардык милициянын имаратынын жанына чогулаары күтүлүүдө. Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жапа чеккен балдардын ата-энелери жана жакындары күнөөлүүлөрдү таап, токтоосуз жазалоо талабын коюшууда. 1-январга караган түнү Оштун «Туран» кичи районунда эки мектеп окуучусун 30 жаштан ашкан 6 жигит сабап кетип, жапа чеккен балдар оор абалда ооруканага түшкөн. Шаардык милиция башчысынын орун басары Чубак Жуманалиев жапа чеккендер 15 жаштагы кыргыз балдар, токмоктогондор 30-35 жаштагы өзбек улутундагы жигиттер экенин, учурда шектүүлөрдүн үчөө кармалып, дагы үчөө изделип жатканын жана бул окуяга улуттук боек сүртүүгө негиз жоктугун «Азаттыкка» билдирди.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG