Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

11:47 Кыргызстанда жумушсуз жаштардын саны өстү


2007-жылы өлкөдө жумушсуз жаштардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу жогорулаганын жаштар эмгек биржасын жетекчиси Азис Идрисов “Азаттыкка” билдирди. “Биржада каттоодо турган ишсиздердин саны өткөн жылы 100 миңге жеткен. Алардын дээрлик жарымы жаштар. Иш издеген өспүрүмдөр, студенттер көбөйдү. Жаштар биржасынын жардамы аркылуу өткөн жылы үч миңге жакын жаштар жумуш тапкан. Мындан тышкары миңге жакын студенттерден кырктай студенттик отряддар түзүлгөн. Алар жай айларында жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган аймактарда курулуш иштери менен алек болушту. Быйыл болсо жылы бою иштей турган отряддарды түзүүнү көздөп атабыз,”- дейт А.Идрисов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG