Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

12:00 Жер титирөөдөн жабыркагандарга берилген жардамдын эсеби тууралуу маалымат жок


1-январда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо иретинде жер-жерлерден келип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы эсеби тууралуу маалымат бүгүнкү күнгө чейин жок. Буга байланыштуу 7-январда Ош облустук губернаторунун 1-орун басары Айтмамат Кадырбаев атайын жыйын өткөрдү. Натыйжада жер титирөөдөн жабыркагандарга келип жаткан гумжардамды бөлүштүрүүнү облустук администрация өз мойнуна алмак болду. Эми Айтмамат Кадырбаев кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча облустук комиссияга төрагалык кылуу менен бирге гумжардамды бөлүштүрүү боюнча комиссияга да төрагалык кылат.
Буга чейин гумжардамды бөлүштүрүүдө баш-аламандык болуп келгени айтылууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG