Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

18:14 Баткенде 152 кылмыштын 76сы жашы жетелектер тарабынан жасалган


Бул тууралу «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Каныбек Кудайбердиев маалым кылды. Кылмыштуулук боюнча Кадамжай району чоң көрсөткүч берген. Ошондой эле өткөн жылы өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар өсүп, алардын саны 76ны түзгөн. Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Каныбек Кудайбердиев буга ата-энелердин балдарга болгон көзөмөлү кыйла солгундап, өспүрүмдөр көпчүлүк учурда кароосуз калууда деген пикирин айтты. Белгилеп кетсек, жыл ичинде тартип бузган 446 бала кармалып, алардын 27си атайын каттоого тургузулган. Учурда облус боюнча кылмыш кылган 105 бала атайын каттоодо турат. (SA)

XS
SM
MD
LG