Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

ЭРТЕҢ БУШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА КЕЛЕТ


Эртең Жорж Буштун Жакынкы Чыгыштагы сапары башталат. АКШ президенти Израилде,Иордан дарыясынын батыш жээгинде,Кувейтте,Бахрейнде, Бириккен Арап Эмиратында,Сауд Арапстанда жана Египетте болот. Сапар маалында палестин-израил жаңжалын жөнгө салуу, ошондой эле Ирак жана Иран маселелери талкууланат.

Коопсуздук маселелери боюнча Буштун кеңешчиси Стивен Хэдли региондогу сапары маалында АКШ президенти былтыр Аннаполистеги жолугушууда башталган палестин-израил сүйлөшүүлөрүнө жаңы дем берүүнү көздөп жатканын,андан башка планы жоктугун билдирди.

Бийликте турган жети жыл ичинде Буш буга чейин бир гана Египетте болгон. Ошол себептүү америкалык айрым эксперттер президенттин кыйла кечиккен сапарынан анчейин деле натыйжа чыкпасын айтып жатышат.

Вашингтондогу улуттук коргонуу университетинин профессору Мурхаф Жойежати бу визит эки тарап үчүн тең кечиккен, ошентсе да кубаттай турган кадам экенин белгиледи. Буштун администрациясында өткөн жети жылдын өктөөсүн толтурганга чакталуу гана убакыт калды, ошол эле учурда ал регионду дагы терең кризиске түшүп кеткенден аз болсо да сакташы мүмкүн.

Жойежати иран темасын палестин-израил жаңжалынан да кыйла татаал проблема деп атады жана аны “эки миздүү кылычка” салыштырды. Жакынкы Чыгыштагы сүннүлөр адатта Ирандан абдан саксынып турушат. Ошол эле учурда Иранга каршы АКШнын кандайдыр бир аракеттерине кошулганды да эп көрүшпөйт. Ошондуктан алар АКШдан Иранга байланыштуу акыл-эстүү саясатты гана күтүшөт.

Ал эми Вашингтондогу дагы бир изилдөө борборунун эксперти Майкл О”Ханлон америкалык президенттин сапары региондогу сүннүлөргө колдоо болушу деле ыктымал деген ойдо. Бери эле дегенде алар Вашингтон Иранга жалпы региондо үстөмдүк кылганга мүмкүндүк бербей турганына дагы бир жолу ынана алышат. Анын үстүнө АКШнын Иран байланыштуу позициясы өзгөрүп кетерине кепилдик жок. Тегерандын атомдук программасы, Жакынкы Чыгыштагы террорго колдоо көрсөтүп, Ирактагы иштерге таасирин тийгизип жатканы АКШ үчүн баштагыдай эле проблема бойдон калды. Кырдаал өтө жаман оролго түшүп кетет деген кооптонуулар соңку кезде биртке басаңдагандай болсо да эки тараптын мамилелеринде азырынча дурусунан бурушу көп.

Америкалык консервативдүү баяндамачылардын бири Макс Бут жакында The Wall Street Journal басылмасында жарыяланган макаласында 1940-жылдан бери америкалык президенттердин бири да палестиналыктар менен израилдиктерди жараштыра албаганын эскертип, Буштун буга үмүт кылып жатканына таң калды. Бут Шотландия менен Англиянын ортосундагы кандуу кармаш 450 жылга созулганын эске салды жана палестин-израил жаңжалы да эки тараптын жедеп жиңкини куруп бүткөнгө чейин улана бериши мүмкүн деп божомол жасады.

XS
SM
MD
LG