Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

МИХАИЛ СААКАШВИЛИ КАЙРАДАН ГРУЗИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ


Амирбек Усманов, Прага Михаил Саакашвили 53 процент добуш менен кайрадан Грузиянын президенти болуп шайланды. БШКнын маалымдашынча, 5- январдагы шайлоодо оппозициячыл талапкер Леван Гачечиладзе үчүн шайлоочулардын 27 проценти добуш берген. Оппозициячыл коалиция БШКнын маалыматына макул эмес жана бийликтерди шайлоонун жыйынтыгын бурмалады, административдик ресурстарды пайдаланды деп күнөөлөдү. Байкоочулар болсо Саакашвили мурдакы шайлоодон аз колдоого ээ болуп, бийлик мандаты мурдагыдай бекем эмес экенин белгилешти.

Михаил Саакашвили шайлоочулардын 50 проценттен ашык плюс бир добушун албай калса, добуш берүүнүн экинчи айлампасы өткөрүлмөк. Бирок, Борборшайлооком берген акыркы маалыматтар боюнча, Саакашвили 53 процент, ал эми анын атаандашы, оппозициячыл коалициянын өкүлү Леван Гачечиладзе 23 процент добуш алган. Башка талапкерлерге токтосок, Аркадий Патаркацишвилини шайлоочулардын- 7 процентке чукулу, Шалва Нателашвилини 6, 5 проценти, Давид Гамкрелидзени- 4 проценти жана Георгий Маисашвили менен Ирина Саришвилини 1 процентке жетпеген шайлоочу колдогон.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы Саакашвили тбилисиликтер арасында мурдакыдай чоң сүймөнчүккө ээ эмес экенин көрсөттү. Атап айтканда, ордо кааладагы 10 райондун сегизинде Леван Гачечиладзе көп добуш алып жеңген. Бул грузиялык талдоочу Александр Ронделинин сөзү менен айтканда, 5- декбардагы шайлоонун күтүүсүз жаңылыгы болду:

-Мен мындай болот деп күткөн эмесмин. Себеби, Саакашвили өнөктүктү өтө жандуу жана чоң дем менен өткөрдү. Ал атаандаштарынан айрымаланып, позитивдүү жактарга көп басым жасады. Ошон үчүн, аны Тбилисиде аз добуш алат деп күтпөгөм.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялана элек. Анткен менен, серепчилер Грузияда 5- январда өткөн президенттик шайлоонун эки маанилүү өзгөчөлүгүнө көңүл бурушууда.

Биринчиден, бул шайлоо постсоветтик өлкө тарыхында биринчи жолу чыныгы атаандаштык кырдаалында өттү. Грузиядагы буга чейинки шайлоолордо жалгыз лидер дээрлик 100 процентке жакын добуш алып, атаандаштарына караандатпай жеңип чыкчу.

Экинчиден, эларалык байкоочулар шайлоого жогорку баасын бершти. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары башка эларалык миссиялар менен чогуу жекшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө «шайлоо көп жагынан демократиялык шайлоонун эларалык стандарттарына ылайык өттү” деп маалымдады.

Эларалык байкоочулардын берегидей баасына Гачечиладзени колдогон оппозициячыл коалиция макул эмес. Оппозициядагы тогуз партиянын башын бириктирген коалиция бийликтерди шайлоонун экинчи айлампасын болтурбоо үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалады деп күнөөлөдү жана 8- январдан тартып нааразылык акцияларын баштай турганын эскертишти.

XS
SM
MD
LG