Жаңы жыл майрамына байланышкан тыныгуулардан кийин депутаттар бүгүн комитеттерде иштеп, ушул айдын күн тартибине коюлчу маселелерди талкуулап баштамакчы. Парламенттин бул жылдагы алгачкы жыйыны болсо 10-январда башталат. Жогорку Кеңеш тыныгуудан кийинки алгачкы отурумдарында Ош облусундагы жер титирөөдөн кийинки кырдаалга байланышкан маселени карашы күтүлүүдө.(SM)