Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

ЖАҢЫ БИЙЛИК + БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮБҮ?


“Бишкек пресс клубуна” берген интервьюсунда мурдагы депутат Дооронбек Садырбаев эски парламентти өлкөдө приватташтырууну башташ үчүн атайылап таратты. "Мен өткөн Жогорку Кеңешти идеалдуу деп айталбайм, оппозиция анда деле майнаптуу ийгиликке жетише алган эмес, бирок канткен менен алардын айткан-дегендери аркылуу элдин кулагы чындыкты угуп туруучу. Эми тигил же бул тармакты менчиктештирем десе эчким каршы болбойт. Өлкөдө буга каршы боло турган оппозиция да жок. Ошондуктан ушул жарым жылда, керек болсо жакынкы беш жыл ичинде өлкөдө эч кандай маанилүү саясый окуя болбойт" деп билдирген. Дагы бир экс-депутат Азимбек Бекназаров, ушул эле маалымат клубу аркылуу минтип айтты: "Парламентке 2003-жылы энерготармакты менчиктештирүү үчүн А.Акаев агездеги өкмөт башчысы Н.Танаевди жиберген, парламентти макул кыла албай ал бир ай бою жүргөн, анан бир жарым айдан кийин К.Жумалиевди жөнөткөн, ага да көнгөн эмеспиз, биз он жыл бою өлкөнүн өзөгү болгон энерготармактын менчиктештирилишине каршы турганбыз. Анын менчиктештирилишине агезде И.Масалиев, мен, А.Мадумаров жана башкалар каршы болгонбуз. Алтургай парламентке А.Акаев өзү келип суранганда да макулдук берген эмеспиз. Тилекке каршы азыркы бийлик Акаев менчиктештире албай калган дал ушул тармакты менчикке бергени жатат",- деп билдирген Бекназаров мырза андан ары, өткөн жылы парламантке Ф.Кулов, андан кийин Турдумамбетов келип макул кылалбай, кийин документтерин көтөрүп А.Атамбаев келип өткөрө албай кеткенин, бүгүн эми бийликтин көктөн тилегени жерден табылганын, анткени парламент да, өкмөт да өзүнүкү экенин, эчким ооз ачып каршы боло албастыгын, ал эми Кыргызстандын эли элдин мына ушул эң кирешелүү байлыгын бир ууч чиновниктер менчиктеп алганы жатканын түшүнбөй жатканын, бул бийлик жашап турганда каалаган мыйзамдарын каалагандай өткөрүп ала берерин, мындай саясат ушул бийлик аламшканга чейин жашай берерин айтты.

Ошол эле учурда “Ак жол” партиясынын мүчөсү Табылды Орозалиев, менчиктештирүү жагдайында азырынча сөз боло электигин, депутаттар арасында да бул маселе талкууланбаганын, ошондуктан энерготармагы туурасында ар кандай ой жоруу азырынча эртелик кыларын, мына ушундай маанилүү маселелерди оппозиция ар дайым өз пайдасын үчүн пайдаланганга кынык алгандыгын билдирди.

Мына ушул энергетика маселеси бизден кем эмес суу байлыгына кожоюндук кылган коңшу Тажикстанда кандай болду экен? Ушуга токтолсок. Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө Тажикстандын Кожент шаарынын кичирайондорунда жашаган көпчүлүк тургундар газсыз калды. Үчүнчү январдын кечинен тартып гана кечкисин эки-үч, күндүзү эки-үч сааттан газ берилип турду, деп кабарлады “Фергана Ру” маалымат агенттиги. Тажикстандын Согди облусу газдан тышкары электр энергиясына да таңсык болуп, аймактын Канибадам, Кожент, Кайракум өнөржай ишканалары токтоп калды. Облустун 3 шаары менен 3 районуна электр тогу суткасына 2-3 сааттан гана берилип турду. Тажикстандын кубаттуу ГЭСтеринин баары республиканын түштүгүндө жайгашкандыктан өлкөнүн түндүгүн жалгыз Кайракум ГЭСи камсыз кылалбай келет. Тажикстан эми бул маселени Өзбекстанга өзү импорттоп келаткан энергиянын эсебинен чечкени жатат. Деги эле энергетикалык кризис алдында турган өлкө мындай абалдан чыгуу үчүн узак жылдарга жете турган кубаттуу ГЭСтерди курушу керек. Ошол эле учурда Тажикстандын түндүгүндө электр энергиясын пайдалануу үчүн баанын жаңы тарифи киргизилди. Тажик тургундары эми электр энергиясынын бир киловатт сааты үчүн буга чейин төлөп келген 2,5 дирамдын ордуна 3,5 дирамдан же кыргыз акчасына айлантканда мурдагы 40 тыйындын ордуна 60 тыйындан төлөп калмакчы деп билдирди “Ферган Ру” маалымат агенттиги.

“Фергана Ру” дагы бир кабарында казак президенти Нурсултан Назарбаев Кытай менен мамилени чыңдоо Казакстандын тышкы саясатындагы приоритеттик стратегиялык негиздердин бири болуп саналат деп КЭР төргагасы тарабынан атайын жөнөтүлгөн Кытай Мамлекеттик Кеңшинин мүчөсү Тан Цзясюанем менен жолугушуусунда билдиргенин, кытай жак эки тараптуу долбоорлордогу металлургия, транспорт жана машина куруу тармагын өнүктүрүүгө жардам бергиси келип жатса, казак тарап кайра иштетүү индустриясы менен жогорку технологиялык өндүрүшүн өнүктүрүү маселесин биринчи планга коюуда деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG