Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

“ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИ БИЙЛИККЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ОППОЗИЦИЯДА ТУРАТ?


“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши “Де факто” гезитинин негиздөөчүсү Чолпон Орозобекова болду.

- Көз карандысыз талдоочулар өткөн жылы Кыргызстанда басма сөз эркиндиги 2004-жылдын деңгээлине түшүп кетти деп баалашты. Сиз ушуга кошула аласызбы. Кыргызстандагы басма сөздүн абалына кандай баа бересиз?

- Албетте андай пикирге кошулам. Анткени азыркы учурда биздеги акыбал мактанаарлык деле эмес. Соңку эки жыл ичинде жылыштар болмок турсун кайрадан артка кеттик десек болот. Мисалы, балким коңшу өлкөлөргө, Өзбекстанга салыштырмалуу акыбалды бир аз дурус деп мактанаарбыз, бирок өтө эле начарлады десек да болот. Себеби бийлик тараптан акцияларын күч менен тартып алуу, сатып алуу жолу менен көптөгөн ММКларды баш йидирүү ишке ашты. Мисалы, бүгүнкү күндү алсак бир дагы эркин телеканал калган жок. Ошол эле 2004-жылы бирин-экин болсо дагы эркин сөздү айта алган, башка пикирди бере алган телеканалдар бар болчу. Азыркы күндө алардын бири да жок.

- Азыр журналистиканы иликтөөчүлөр маалымат каражаттарын бийликчил, оппозициячыл деп бөлүп жүрүшөт. Анда “Де-факто” маселен оппозициялык көз караштагы маалымат каражаттарынын катарында да алып жүрөт. Гезит өзү кандай принциптерди тутунат?

- Биз гезитти түптөп атканда оппозициялык болобуз деген максат менен чыккан эмеспиз, бирок соңку учурда (биздин гезиттин чыкканына бир жыл толо элек) чоң-, рефрендум, шайлоо сыяктуу чоң окуялар болуп кетпедиби. Ошолорду чагылдыруу учурунда биз оппозициялык пикирлерге да орун берип отуруп, биз өзүбүз кандай оппозициялык гезит болуп калганыбызды чынында билбей калыптырбыз.

-Ошол эле мезгилде, мисалы “Де-фактонун” аркасында оппозициялык күчтөр турат, ушул гезитти оппозициялык күчтөр негиздеген деген дагы көз караштар бар. Сиз ушуну кошо айта кетсеңиз, эмне үчүн ушундай сөздөр айтылып атат, чын эле ошондойбу?

- Оппозиция чынында биздин гезитке көп чыгат. Соңку окуялар учурунда чын эле биз алардын трибунасы болуп бердик. Себеби оппозиция кайда барат, КТР мисалы аларды жолотпосо, уктурбаса. Кечээги эле үзөңгүлөшү болуп, кечээ эле оппозицияда жүргөн Мелис Эшимканов аларды бүгүн жолотпой калды. Башка ММКлардын баары бир кылка бийликтин сөзүн сүйлөп атса, оппозиция кайда барат бизге келбегенде. Биз алардын трибунасы болуп, алардын элге жеткирбегенде анда гезиттин элге эмне кереги бар. Менин пикиримде, гезит натурасында бийликке оппозициячыл болуш керек. Бийликке жагалданган гезиттин кимге кереги бар. Ансыз деле бизде өкмөттүк гезиттер жоюлган жок. Президент бийликке келгенде аларды акционерлештирүү боюнча указ чыгарып, бийликтен ажыратам деген, ал убадасын аткарган жок. Анан ушундай толгон токой өкмөттү, бийликти жактаган гезиттин фонунда айла жок оппозициячыл болот экенсиң.

- Тили так гезитке кандайдыр бир бийлик тарабынан куугунтук болгон жери жокпу?

- Конкреттүү кадамдар баштала элек. Бирок Акүйдүн өтө эле жогорку кабатындагы адамдардан соңку 10-15 күндүн ичинде мага телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат. Мен алардын фамилиясын азыр убактылуу айта албайм, себеби мен аларды далилдей албайм. Бирок менимче бизге дагы куугунтук башталганы турат окшойт. Телефондон жоготобуз, гезитиңерди жабабыз деген сыяктуу сөздөр башталды. Куугунтуктар эгерде болуп кала турган болсо менин эскертип коерум, биз бир 1 же 2 саясатчы эмеспиз, гезиттин аркасында миңдеген окурмандар турат.

- Маегиңизге чоң ырахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.
XS
SM
MD
LG