Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

10:30 Ошто 9000ге жакын турак-жай текшерүүдөн өттү


Чукул кырдаалдар министрлигинин түштүк башкармалыгынын маалыматы боюнча 8-январга карата 8551 үй текшерүүдөн өттү. Анын ичинен 4 үй жашоого жараксыз. 900 жеке үй, 5 көп кабаттуу үй авариялык абалда. 1773 жеке жана 1 көп кабаттуу үй капиталдык ремонтту талап кылат, 4369 жеке жана 7 көп кабаттуу үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле 9 орто жана 1 башталгыч мектеп, 1 клуб, ФАП авариялык абалда. Карасуу райондук ооруканада, 5 орто мектепте капиталдык ремонт талап кылынат. 20 орто мектеп, 4 бала бакча, 1 ФАП жана шаардык оорукананы оңдоо иштери жүргүзүлүүгө тийиш. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG