Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

Иранда кылмыш кылган адамдардын колу-бутун кесип жазалоо көрүнүшү кайрадан жанданды. Жазалоонун мындай түрү өтө сейрек колдонулган Иранда жакында беш кишиге ушундай катаал чара колдонулду.

Окуя Ирандын Систан-Балучистан провинциясынын борбору Захеданда болду. Куралчан каракчылык кылып, кишилерди барымтага алып, полицияга ок ачкан деп күнөөлөнгөн беш кишиге ырасмий түрдө “Кудайга каршы иш кылган” жана “жер жүзүндөгү коррупцияга аралашкан” деген кинелер тагылды. Соттун өкүмү окулган соң, догдурлардын көз алдында бул беш адамдын оң колу менен сол буту кесилди.

Кылмышкерлерди ушундайча жазалоого Ирандын мыйзамдары жол берет, бирок бул чара колдонулганы тууралуу кабарлар бир нече жылдан бери угулбай калган. Эл аралык укук коргоо уюмдары буту-колун кесип жазалоону барып турган мыкаачы, адамгерчиликсиз иш катары баалап, кыйноонун бир түрү катары караштырат. Парижде жайгашкан Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын директорунун орун басары Абдолкарим Лахиди алардын көз карашын колдоорун айтат:

Колу-бутун кесип салуу, балак уруу өңдүү өкүмдөрдү Ирандын исламдык мыйзамдары кеңири колдонот, бирок булардын баары адамды кыйноо болуп эсептелет, ал эми эл аралык келишимдер кыйноонун бардык түрлөрүнө тыюу салат.

Кылмышкерлерди түбөлүк майыпка айландырып, денесине орду толгус залака келтирген мындай жазалоо ушу тапта Йемен, Сауд Арабия, Судан жана Нигериянын мусулман чөлкөмдөрүндө колдонулат. Адамдардын колу-бутун кесип салуу – талиптердин тушунда Ооганстанда кеңири пайдаланылып келген. “Азаттыктын” перс тилдүү “Фарда” радиосуна берген интервьюсунда айрым тегерандыктар жазалоонун бул түрүнө каршы экенин айтышкан:

Мен буга караманча каршымын, адамдын колун, же бутун кескендин өзү шайтандын иши, кылмыш, аны карап турган догдурлар да кылмышка катышкан болуп эсептелет, - дейт тегерандык Лейла.

Анан айткандарына атын атагысы келбеген Тегерандык жигиттин пикири үндөш:

Кишилердин колу-бутун кесүү – барып турган мыкаачылык, адамдарды майыпка айлантат, ансыз да байкуш ирандыктар ого бетер бечаранын кейпин кийет.

Исфахандык бир угарман кылмышкерлер тийиштүү жазасын алышы керек деген пикирде:

Менимче, Ирандын душмандары жана ислам ыңкылабына каршы адамдар дал ушундайча жазаланышы керек, - деп белгилейт Исфахандык Жавад Харати.

Мындан жарым жыл мурдараак Ирандын Казвин провинциясынын тургуну жаш аял менен никесиз жакын мамиледе болгону үчүн ташбаранга алынып өлтүрүлгөн эле. Ирандык маалымат каражаттары быйылкы жылдын алгачкы аптасында эле өлкөдө 16 киши дарга асылганын, былтыр 290дон ашуун адам өлүм жазасына өкүм кылынганын кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG