Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

М. Саакашвили президенттик шайлоодогу жеңишин демократиянын салтанаты катары баалады


Рейтер агенттигине берген маегинде, Саакашвили “саясий жараян көчө кызуукандуулугун жеңди”,-деди. Саакашвили ошондой эле Орусия менен мамилелерди жакшыртууну каалай тургандыгын айтты. Расмий кабарларга ылайык, 5-январда өткөн президенттик шайлоодо Михаил Саакашвили 50 пайыздан көбүрөк добушка ээ болгон. Саакашвилинин атаандашы, оппозиция атынан жарышка катышкан Леван Гачечиладзе 27 пайыз добуш топтогон. Оппозиция шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирип, ушул аптада нааразылык акцияларын баштай турганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG