Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

15:30 Өзбекстанда Кыргызстандык укук коргоочу Саидкамол Ахмедов каза болгону тууралуу маалымат калп


Бул тууралуу Жалалабаттагы “Адилет” коомдук уюмунун жетекчиси Валентина Гриценко “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Саидкамол Ахмедов учурда Ош шаарындагы СИЗОдо камакта. “Ооба, ал Ташкендеги туугандарына учурашуу үчүн барган учурунда Кыргызстандын суроосу менен өзбек күч органдары тарабынан кармалган. Жаңы жылдын алдында биздин Башкы прокуратуранын суроосу менен Ахмедов Ошко которулуп, биз ага адвокат жалдап бергенбиз. Интернет сайттарга анын өлүмү тууралуу жалган маалыматты ким кандай кызыкчылык менен жарыялап атканы бизге да түшүнүксүз,”-дейт укук коргоочу. Валентина Гриценконун сөзүн Саидкамол Ахмедовдун уулу Саиджамал Ахмедов менен адвокаты Таир Асанов да тастыкташты. Адвокат абактагы укук коргоочу менен жарым саат мурун эле көрүшүп чыкканын маалымдады.
Бүгүн айрым бир электрондук маалымат каражаттары кыргызстандык укук коргоочу Саидкамол Ахмедов Өзбекстандын түмөсүндө каза тапты, деген маалыматты жарыялашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG