Жаңы жылга чейинки жана андан кийинки сууктан адатта Бишкектин жылуулук трассаларын мекендеген үй-жайсыз селсаяктардын тоңуп өлгөнү көбөйүүдө. Шаардык ИИБ жана маркумдарды тейлеген “Радамант” агенттигинин маалыматы боюнча жыл жаңырган төрт-беш күндүн ичинде эле 40-50 селсаяктын тоңуп өлгөн сөөгү табылган. Ал эми декабрь айынын акыркы күндөрүндө “тез жардам” жана милиция кызматкерлери күнүгө 40 чакты кишинин сөөгүн табышкан. (ZKo)