Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

СУЛАЙМАН ТООГО КЕЛАТКАН ИНВЕСТИЦИЯБЫ ЖЕ ДИВЕРСИЯБЫ?


«Экинчи Мекке» атыккан Сулайман тоо сатылат экен» дегенин уккан жергиликтүү коомчулук өзүнчө кыжаалат. Ал эми Ош шаарынын жетекчилиги мындай ниети жоктугун, болгону Сулайман тоого асма жол салууга киришип, инвестиция караштырып жатышкандыгын айтышууда.

ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы баш катчысы Жыпар Жекшеевдин маалыматына караганда, Ош шаарындагы Сулайман тоо - жалпы адамзатка таандык маданий-тарыхый мурастардын бири. Ага жыл сайын жүз миңдеген туристтер атайылап келип, уникалдуулугуна суктанып, а түгүл зыярат кылып кайтышат. Бирок, эл аралык уюмдун өкүлү баса белгилегендей, акыркы мезгилде Ош шаар жетекчилиги тиешелүү министрликтер менен бир ооз акылдашпастан, Ата мекендик жана дүйнөлүк бир катар мыйзамдарды одоно бузуп, маанилүү обьектинин үстүнө асма жол куруу үчүн «Сателлит-2005» жоопкерчилиги чектелген коомуна (директору Адыл Мырзаматов) уруксат берип жиберген.

«Ош шаарынын ардактуу атуулу», белгилүү коомдук ишмер Абдылда Капаров «Сулайман тоого асма жол куруу – жөн эле шылтоо, түпкүлүгүндө калаа башчылары аны сатуунун камын жешүүдө. Чайкоочулуктун, бейбаштыктын да эби-чени бар, Президент Бакиев олуттуу көңүл бурбаса, мындан тополоң тутанат» деп кыжаалат.

- Бул бүткүл дүйнөлүк мыйзамга туура келбейт. Муну шаардын кээ бир аттуу-баштуу чиновниктери өздөрүнүн финансы абалын оңдоп алуу үчүн эле чыгарып аткан нерсе. Сулайман тоосуна арак иче турган, кумар ойной турган бейбаштарга канаттык жолун салып бере турган болсок, эртең эле жок болот. Аендан башка шаарда экономикалык пробемалар жокпу, ошону оңдобойбу. Ата-бабалардан калган жердин бардыгын жок кыла турган болушту. Муну президент өзүнүн бийлигине салып чечпесе, шаардын бүткүл чиновниктери бейбаш болуп чыгып кетти, - дейт Абдылда Капаров.

Кыргызстан Жазуучулар Союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдурашит Урбаев «Кылчакташтын кажети жок, рынок үстөмдүгүнө баш ийгенибиз оң. Ыйык жайга аркан жол салынып калса, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө жаралат» деген ишеничте.

- Сулайман тоону ыйык тоо деп эле туш-тарабынан курчалган объектиге айландырбашыбыз керек. Канат жолу курулса ал жерге эл чыгып сыйынганына жакшы болот. Ал жолдун курулушу туризмди өнүктүрүү боюнча да туура болот. Ошон үчүн бул маселе канчалык тезирээк чечилсе ошончолук жакшы болот, - деди Абдурашит Урбаев.

Көрүнүктүү эколог, академик Биймырза Токторалиев Сулайман тоого акыркы убактарда жергиликтүү бийлик тарабынан жасалып жаткан көңүлкош мамиле мамлекеттик диверсия өңдөнөт деген шектенүүсүн:

- Зыянды акча менен өлчөп да болбойт. Бул мамлекеттик диверсиябы деген да ойго келип атам, - ушинтип ачыктады.

Ош шаар мэри Жумадыл Исаков асма жол – коммерциялык долбоор экендигин жашырган жок. Бирок, бара-бара Сулаймантоону менчиктештирүү ойлору жоктугун, курулуш бүтүп калса, үзүрүн шаардыктар көрөөрүн, дүйнөнүн булуң-бурчунан зыярат кылгандардын саны көбөйүп, калаа казынасына миллиондогон каражаттар түшөөрүн кошумчалады.

- Жол курабыз деген компания азыр түздөн түз инвесторлор менен иштешип атат. Бул коммерициялык долбоор. Себеби канча акча сарыптаса, ашып кетсе 3 жылда сарыпталган акчаны актайт. Болуп калса туристтер келет, салык түшөт. Бюджетине салым кошулат. Сулайман тоону менчиктештирип алса туура болот деп ойлойм, - деди Жумадыл Исаков.
XS
SM
MD
LG