Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Аба ырайы : Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 9-январда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -14...-19, күндүз -5...-10 градус болот.
Баткенде түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7 градус.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн -12...-17 күндүз -7...-12 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -12...-14, күндүз -6...-8 градус.

XS
SM
MD
LG