Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

ЧОЛПОН ЖАКУПОВА: КЫРГЫЗСТАНДА МЫЙЗАМ САКТАЛБАЙ КАЛДЫ


БШКнын төрайымы Клара Кабиловага Кылмыш Жаза кодексинин 316-беренеси “Шалаакылык” боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу “Ата Мекен” партиясы өткөн жыл соңунда Башкы прокуратурага доо арыз жолдогон. Партиянын өкүлдөрүнүн айтуусунда Башкы прокуратура аликүнчө бул маселе боюнча эч кандай жооп бере элек. Бул Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталбагандыгынын дагы бир далили, дешет “ата мекенчилер”. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси эмгек эс алуусунда жүргөндүгүнө байланыштуу бул маселе боюнча маалымат бере албастыгын айтты. Буга чейин Кабилова парламенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өткөнүн жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо Кодексиндеги нормаларды сактабагандыгы жана шайлоочулардын добушун саноодо мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн БШКнын төрайымы Клара Кабиловага Кылмыш Жаза кодексинин 316-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жыл соңунда «Ата Мекен» партиясы Башкы прокуратурага доо арыз жолдогон эле. Жогорудагы беренеде «Шалаакылык, башкача айтканда, кызмат адамы кызматына кайдыгер мамиледен улам өзүнүн милдеттерин аткарбаса, эгерде бул атуулдардын, уюмдардын укуктарын олуттуу бузууга алып келсе эң аз айлык акынын жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып төлөм салынат, же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат», -деп көрсөтүлгөн.

Мыйзамдуулукту көзөмөл кылуучу негизги орган бул маселе боюнча «Ата Мекен» партиясына жообун бере элек, дейт партиянын БШКдагы өкүлү Чолпон Жакупова.

-Башкы прокуратура ушул кезге чейин расмий жооп бере элек. Бирок жаңы жылдын алдында БШКнын төрайымы Клара Кабилова бизге беш кат жибериптир. Арткы число менен жазылган жооп катта кетирген каталыктарын жабууга аракет кылыптыр.

Жакупова белгилегендей «Ата Мекен» партиясы БШКга шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча 400 чукул арыз жолдошкон, бирок эч кандай жооп алышкан эмес.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси эмгек эс алуусунда жүргөндүгүнө байланыштуу бул маселе боюнча маалымат бере албастыгын билдирди.

Ал эми парламенттик чукул шайлоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу өткөнү тууралуу БШКнын айрым мүчөлөрүнө, уюштуруу жана укуктук бөлүмүнө, басма сөз кызматына суроо узатканыбызда алар бул маселеге байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн караманча баш тартышты.

БШКнын төрайымы Клара Кабилова менен байланышууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын кабылдамасындагы катчы, төрайымдын колу бош эместигин айтып, биздин сурообузду жоопсуз калтырды. Бирок Кабилова парламенттик шайлоонун жыйынтыгында шайлоо акыйкат, таза, мыйзамдын чегинде өткөнүн жарыялаган эле.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров да парламенттик шайлоо негизинен мыйзамдын чегинде өткөнүн белгилеп, шайлоодо талаш-тартыштар боло берерин «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде баса белгилеген.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Чолпон Жакупова Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталбагандыганан улам сот адилеттиктен тайып, шайлоолор бурмалоо менен өткөрүлүүдө, дейт.

-Бизде мыйзам такыр иштебей калды. Ак үйдүн жетинчи кабатынан бирөө телефон чалса мыйзам биртике иштемиш болуп калат. Азыркы бийлик мыйзамды каалаганындай калчап, элдин укуктары менен эсептешпей калды.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын мүчөсү, укук коргоочу Бакыт Рысбековдун пикиринде да Кыргызстанда мыйзам колунда бар адамдардын кызыкчылыгына иштеп, колунда жок адамдар үчүн иштебей же тескери иштөөдө.

XS
SM
MD
LG