Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

ТҮРКИЯ ТАМЕКИ ЧЕГҮҮГӨ ТЫЮУ САЛГАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КОШУЛДУ


Түркиянын парламенти ушул жумада тамеки тартууга тыюу салган мыйзамдын алкагын кеңейткен жаңы эрежелерди кабыл алды. Бул аркылуу өлкөдө тамеки чеккендер менен никотинге каршы болгондордун ортосундо кызуу талаш-тартыштын учугу чубалып, өкүмөт мыйзамдын күчкө кирүү мөөнөтүн бир топ алдыга жылдырууга аргасыз калды. Соңку мүнөттө киргизилген бир өзгөртүү аркылуу мыйзам 4 айдан кийин күчкө кирмей болду. Ашкана, кафе, кафетерия, бар жана ушул өңдүү башкача көңүл ачуу жайларында чылым тартууга болгон тыюу 18 айга кийинкиге калтырылды.

Мыйзамдын ириде катуу башталып, кийин бошоңдоп кетишине чылым тарткан депутаттар менен бир катарда эл-аралык тамеки өнөр-жай дөөлөрүнүн жабык эшик артындагы лоби иш-чаралары, ошондой эле өлкөдөгү ресторан, кафе, отел өңдүү бизнес ээлеринин жүргүзгөн күчтүү кампаниясы түрткү болгону билдирилет. Бирок баары бир мыйзамдын толук кандуу түрдө кеч да болсо эмки жылдын орто ченинен баштап күчкө кире турган болушу, элдин ичиндеги ‘жашылайчылар’ деп аталган, ошондой эле тамеки жана аракка каршы болгон катмарын абдан ыраазы кылганы шексиз. Алардын тескерисинче, жалпы элдин үчтөн бир бөлүгү такай чылым тарткан жана дүйнөдөгү эң атактуу тамеки сортторун өстүргөн бул өлкөдөгү тамеки чегүүчүлөр, атала жүргөндөй ‘терякилер’ бул мыйзамдын кыртыш алып күтүлгөн натыйжаны берерине күмөн санашат. Алардын ичинен, бул мыйзамды, өзүлөрүнүн жеке укуктарын бузгандык катары кабыл алгандар дале жок эмес.

70-80-жылдарда романтикалык ырлары, арак жана тамекиге болгон патологиялык сүйүүсү менен эл ичинде аша таанылган:

“Менин бир гана досум арак менен чылым,
Алар да таштап кетчү болбосо пулум”,

деген ыры менен бүгүн дагы сүйөрмөндөрүнүн тилинен түшпөгөн поп жылдызы Танжу Окандын акыр соңунда никотинге байланыштуу себептер менен ампутация болуп, көп өтпөй жаш эле курагында каза болуусу өз учурунда он миңдеген адамдардын тамекини таштоосуна себеп болсо дагы, статистикалык маалыматтар боюнча Түркияда чылым тарткандардын саны улам өсүп келүүдө. Анан да начары, чылым тартуунун орточо жашы күн сайын төмөндөп, 10 же 11 жашта тамеки тарта баштаган балдардын саны үрөй учурган деңгээлде. Ден соолукту сактоо министри Режеп Акдаг мырзанын басма сөзгө маалымдашына ылайык, башкаруудагы өкмөт мыйзам аркылуу өлкөдө 33 пайыз болгон тамеки чегүүчүлөрдүн үлүшүн 20 пайызга төмөндөтүүнү максаттанат.

Жаңы жыл башталары менен чектүү болсо дагы колдонула баштаган мыйзам алгачкы көрсөткүчтөргө караганда аста-секин элдин колдоосуно ээ боло баштаганы байкалат. Тамеки чегип, ашканын көчөлөргө таштагандарга штраф жазыла баштады. Такси жана долмуш өңдүү коомдук транспорт каражаттарында тыюу толук күчкө кирди. Айрым кафе барлар мыйзамды өз ыктыяры менен бирин-серин аткара башташты. Дегинкиси, алдын ала күтүлгөндөй, тамеки тартуучулардын катуу каршылык билдирген учурлары али каттала элек. Али...

XS
SM
MD
LG