Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

7:00 Аксы окуясы боюнча бүгүн кайрадан сот иши башталаары күтүлүүдө


Айыпталуучулардын жана жабырлануучулардын апелляциялык арызынын негизинде бул ишти республикалык аскер соту Жалалабат шаарында карап баштамакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков билдирди. Былтыр октябрь айында Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди толугу менен актап, кылмыш кодексинин 305-304 беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен областтык милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаевди 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга эркинен ажыраткан эле. Мындай чечимди айыпталуучулар да, жабырлануучулар да адилетсиз катары баалап, республикалык аскер сотуна апелляциялык арыз жолдошкон. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG