Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

7:09 Эдил Байсалов Кыргызстанга азырынча кайтпайт


Бул тууралуу учурда Казакстандын Алматы шаарында жүргөн Эдил Байсалов «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. «Кыргызстанда азыр калыстык, сот бийлигине ишенич жок, ушундан улам бөөдө жем болуп бергенден көрө азырынча Алматыда тура турууну чечтим», - дейт Эдил Байсалов. Ал ошондой эле өзүнө тагылган айыптарды негизсиз деп эсептээрин, Кыргызстандан качпай эле башкы прокуратуранын жетекчилиги менен макулдашып, алгач Алматыга эки-үч күнгө эс алууга жөнөп, бирок жолдо чек арачылар кармап, кайра бошоткон соң чечимин өзгөрткөнүн, баш калка сурап эч жакка кайрылбастыгын билдирди. Декабрдын башында БШК шайлоо бюллетенин интернетке жарыялап, анын купуялыгын бузду деген негизде Эдил Байсаловду СДП партиясынын шайлоо тизмесинен четтеткен. Андан соң ага Башкы прокуратура мамлекетке 11 миллион сомдон ашык чыгым алып келди жана БШКнын ишине тоскоолдук кылды деген негизде кылмыш ишин козгогон.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG