Кечээ жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, Чехиянын 70 пайызга жакын атуулу өлкөдө АКШнын Ракетадан коргонуу системасын орнотуу планына каршы. Расмий Вашингтон Польша жана Чехияда орнотууну көздөп жаткан ракетадан коргонуу системалары Ирандын ракеталарына каршы багыттала тургандыгын айтып келет. Орусия АКШнын бул планына каршы.