Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

11:40 Аксы окуясы боюнча сот 10-январга которулду


Бул тууралуу Жалалабаддан Аксы окуясында жабыркагандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков бүгүн билдирди. Анын маалыматы боюнча, сот иши Бишкектен Республикалык аскердик соттун судьялары келбей калгандыгына байланыштуу которулду. Аксы окуясы боюнча сот жараяны өткөн жылы Жалалабадда башталып, анда облустун мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана милиция башчысы Кубанычбек Токобаев айыпталып, беш жылдан шарттуу түрдө кесилген. Соттун бул чечимине нааразы болгон аксылыктар республикалык аскердик сотко апелляциялык арыз менен кайрылып, сот ишти кароону 9-январга белгилеген эле.Бирок аба ырайына байланыштуу соттор Бишкектен келбей калып, сот жараяны 10-январга которулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG