Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

13:32 Өткөн жылы Орусияда 350дөн ашуун кыргызстандыктар көз жумду


Бул тууралуу кабарлаган «Замандаш» ассоциациясынын башчысы Жума Абдуллаевдин айтымында, аталган сан мындан да чоң болушу мүмкүн. Өлүмдөрдүн дээрлик баардыгына иш ордундагы кырсыктар себеп болууда. Оору-сыркоолордон улам же улутчулдарын колунан каза тапкандар да бар. Алардын сөөктөрү көпчүлүк учурда учак же автомашина менен 20 миң рублдун тегерегиндеги акчага жеткирилүүдө дейт ал. Акыркы эки жылда сөөктөрдү Кыргызстанга жеткирүү акча жагынан жеңилдегени менен, бюрократиялык проблемалар ошол эле бойдон калды. Азыр ушул маселени чечүүгө аракет көрүп жатабыз деди Жума Абдуллаев. Учурда Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны болжол менен 400 миңге жетет. «Замандаш» ассоциациясынын башчысынын баамында, былтыр Орусияга бет алган мекендештердин саны кыйла өскөнү байкалды. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG