Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:01

ПРЕЗИДЕНТ АБДУЛЛАХ ГҮЛ ВАШИНГТОНДО БУШ МЕНЕН ЖОЛУГУП СҮЙЛӨШТҮ


Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл ырасмий сапар менен АКШда жүрөт. Ал 8-январда Вашингтондо АКШнын президенти Жорж Буш менен жолугушуп эки-ара мамилелерди талкууга алды.

Президент Абдуллах Гүлдүн Ак Үйдө президент Жорж Буш менен болгон сүйлөшүүсүндө негизги орунду Ирактын түндүгүндө жайлашкан ПКК жикчил тобу менен бир катарда Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүк маселеси ээледи. Жолугушуудан кийин басма сөзгө маек курган Жорж Буш Ирактын түндүгүндө базаланган күрттөрдүн жикчил тобуна каршы күрөштө АКШ Түркияны колдоорун дагы бир жолу ырастады.

“АКШ менен Түркиянын ортосундагы мамилелер биз үчүн чоң мааниге ээ. Биз мамилелерди күчтөндүрүш үчүн чымырканып иштеп келебиз жана мен мамилелерибиз күчтүү деп ишенем. Биз орток проблемалар менен алпурушуп жатабыз. Алардын бири - биздин орток душманыбыз эсептелген террорчулука каршы күрөш. Ошолордун бири болгон ПКК Түркиянын, Ирактын жана тынчтыкта жашашты каалаган элдердин душманы болуп эсептелет”,- деп баса көрсөттү президент Буш. Ал Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуу мүдөөсүнө да колдоо билдирип, Түркияны Батыш менен Ислам ааламы ортосундагы конструктивдүү көпүрө катары мүнөздөдү.

“Түркия - Ислам менен демократиянын жанаша жашай алышынын фантастикалык үлгүсү болуп эсептелет”,- деди президент Жорж Буш.

Түркиянын президенти Абдуллах Гүл Ак үйдөгү жолугушуу жана түшкү сый тамактан кийин Түрк кабарчылар үчүн басма сөз жыйынын уюштурду.

АКШга болгон бул сапары өнөктөш эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин мындан ары чыңалышына жол бербөө максатын көздөгөнүн жана бул алкакта Вашингтондо өткөргөн сүйлөшүүлөрү пайдалуу болгонун белгиледи Президент Гүл.

“Афганистандан Борборазияга, Кавказиядан Жакынкы Чыгышка, Ирактан Балкандарга, террорго каршы күрөштөн энергетиканын коопсуздугуна чейинки көптөгөн эл аралык орчундуу маселелерде эки өнөктөш өлкөнүн орток таламдары бар”,- деди Абдуллах Гүл.

Өз ара мамилелерде ушу тапта борбордук орунду террорго каршы күрөш ээлегенин белгилеген Түрк президенти сүйлөшүү учурунда президент Буш ПККге каршы күрөштө Түркияны колдоорун дагы бир жолу ишендиргенин айтты.

“ПКК террор уюмуна каршы согуштук аба күчтөрү чабуул уюштурду. Чечкиндүүлүк уланып жатат. Президент Буш дагы чечкиндүү көрүнөт. Биздин максатыбыз бир гана ПКК жикчил тобу экенин ал дагы түшүнүп олтурат. Бул тууралуу чечкиндүүлүгүбүз соңуна чейин сакталып кала берет”- деди Абдуллах Гул.

Буштан сырткары мамкатчы Кондолиза Райс жана вице-президент Дик Чэйни менен да жолуккан Президент Гулдүн АКШдагы сапары 5 күнгө созулат. Ал сапарынын жүрүшүндө БУУнун башкатчысы Банки Мун менен да жолугушуп, Кипр жаңжалын талкууга алуусу күтүлөт.

Абдуллах Гүл кийинки 12 жылдын аралыгында Вашингтондо ырасмий сапарда болгон алгачкы Түрк президенти. Анын бул сапары серепчилердин баамында, Ирак согушу менен байланыштуу солгун тартып жардын кырына такалган ара мамилелердеги жакшыга карай өзгөртүүнүн кошумча белгиси болуп эсептелет. Мамилелер ноябрда Түркиянын премьер-министри Режеп Т. Эрдоган Вашингтондо Буш менен жолуккандан кийин оңоло баштады. Анда Президент Буш ПКК жикчил тобу тууралуу Түркияга оперативдүү чалгын маалыматтар берилерин жана Түркиянын Ирактын түндүгүндөгу ПКК базаларына абадан чабуул коюусуна каршылык көрсөтпөй турганын билдирген эле.
XS
SM
MD
LG