Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

КЛИНТОН МЕНЕН МАККЕЙНДИН ҮМҮТҮ КАЙРА ЖАНДЫ


АКШнын Нью-Гемпшир штатындагы партиялык шайлоону демократтардан Хиллари Клинтон, республикачылардан Жон Маккейн утуп алышты. Эки сенатор тең өткөн аптада Айовада өз партиялаштары арасында үчүнчү орунда калышкан эле. Эми алардын үмүтү кайра жанды.

Сенатор Хиллари Клинтонду Нью-Гемпширде демократ-талапкерлерге добуш бергендердин 39 проценти колдоду. “Нью-Гемпширге өзгөчө алкыш айткым келет, бир апта бою мен силерди тыңдадым эле,эми бул процессте мен өз үнүмдү таптым”,- деп айтты Хиллари Клинтон.

Айовада партиялаш атаандаштарынын “чаңында” калган соң Клинтондун шайлоо штабындагылар жарыштан чыкканга кеңеш бергени жатканы, ага сүрөөнчү болгусу келген сенатор-демократтар менен голливуддун капчыгы калың либералдары да тымызын Барак Обамага оой баштаганы тууралуу аңырт кептер күчөп кеткен эле. Нью-Гемпшир мурдагы биринчи айымды тизмеден алып салуу жаңылыштык болорун, атүгүл АКШнын тарыхында мамлекет башчылыгына жеткен биринчи аял болуп калганга анын мүмкүндүгү бар экенин көрсөттү.

Обама жеңилгенин моюнга алып, бирок жарыштан чыкпай турганын ырастады. Обама эми Невадада, андан соң Түштүк Каролина штатында, жадакалса 5-февралда “чоң шейшембиде” өнөгүн кайра алганга үмүттөнүүдө. Бул күнү бир эле мезгилде өлкөнүн 22 штатында партиялык ички шайлоо өткөрүлөт.

Нью-Гемпшир республикачылардын ардагер талапкери, жетимиш жаштагы сенатор Жон Маккейндин да үмүтүн кайра жандырды. Саясий байкоочулардын көбү вьетнам согушунун ветеранын былтыр эле жорток атка кондуруп,жарышта көчтүн карасында калат деп тыянак жасап салышкан эле. “Жорунчулар күнүң бүттү деп бүтүм чыгарышканда аларга Нью-Гемпширге барарымды, бу жерде шайлоочулар төлгө ташка ишенбей турганын айткан элем”, - деп тапандады Маккейн өз тарапкерлерине ыраазылык билдирип.

Маккейн өткөн шайлоодо да Нью-Гемпширде азыркы президент Жорж Бушту утуп алып, бирок жалпы жарышта партиялык байгени ага алдырып жиберген эле. Эми сенатордун улгайып калган курагы анын багын байлап коюшу мүмкүн дешет.

Республикачыл партиянын талапкерлери арасында Нью-Гемпширде экинчи орун Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромниге тийди. Айовадагы шайлоонун башкы мөрөйчүсү Майк Хаккаби үчүнчү орунда калды.

Эки партиянын президенттикке талапкерлери үчүн эми 15-январда Мичиган штатынын шайлоочулары добуш беришет.

XS
SM
MD
LG