Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

19:08 Ысыккөлдө парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча курултай чакырган жатышат


Ысыккөлдөгү саясий партиялардын башын бириктирген “Жарандык коом” уюму учурдагы Жогорку Кеңешти тааныбай турганын жарыя кылып, 9-январда талкуу уюштурду. Анда парламенттик шайлоону эл аралык байкоочулары дагы акыйкат ачыктабаганы айтылды. “Асаба” партиясынын Оштогу өкүлү Бурхан Зулкайнаров дагы бул нааразылыктар түштүктө күчөгөндүгүн билдирди. Талкуунун аягында “Жарандык коомдун” координатору Канымет Жакыпбектегин январь айынын жыйырмаларында атайын курултай өткөрүү аныкталганын жарыялады. Анын айтуусунда ошол курултайда “Асаба” партиясынын лидерлерин алмаштыруу да каралат. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG