Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

ЭЛЕКТР КУБАТЫНА БААЛАР КӨТӨРҮЛГӨН ЖАТАТ


Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев апрель айынан баштап электр кубаттына баа көтөрүлөөрүн, энергетика тармагында менчиктештирүү керектигин маалымат жыйынында билдирди. Айрым көз карандысыз талдоочулар жылуулук жана электр кубаттына бааларды көтөрүү жана менчиктештирүү аракеттери, бул тармакта мамлекеттик башкаруу системасынын алсыздыгынан, коррупциянын күчтүүлүгүнөн улам келип чыккан маселе катары баалашууда.

Жаңы жылдын алгачкы күнүнөн баштап Кыргызстанда жаратылыш газы кымбаттады. Өткөн жылы түндүк аймагындагы кардарларга газга төлөм 5 сом 57 тыйындан болсо, түштүктө 5 сом 22 тыйын эле. Азыркы баа тууралуу «Кыргыз газ» ачык акционердик коомунун жетекчиси Саламат Айтикеев буларга токтолду.

-Жаратылыш газы 45 пайызга кымбаттаганынан улам тариф да көбөйдү. Ошондо газга төлөмдөр 30 пайызга жогорулады. Түштүк аймагындагы кардарларга газдын бир кубометри 6 сом 90 тыйындан, түндүк аймагындагы кардарларга 7 сом 21 тыйындан болот. Түндүк менен түштүктүн айырмасынын себеби түндүккө Казакстандан 600 чакырымдык газ кууру менен келгендигине байланыштуу.

Быйыл Өзбекстан миң кубометрин 145 доллардан сатуусунан улам жаратылыш газга төлөмдөр да кымбаттаган.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев болсо апрель айынан баштап электр кубатынын жана жылуулук энергиясынын баасын 10 пайыздын тегерегинде көтөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын айтты.

-1-апрелден баштап электр энергиясына баалар көтөрүлөт. Он пайыздын тегерегинде деп турабыз. Ошондой эле жылуулук энергиясына да баалар кымбаттайт.

Түмөнбаев электр кубаттуулугуна жоготуулар көбөйүп жаткандыгын, учурда кардарлардын жана мекеме ишканалардын карыздары төрт миллиард сомду чапчыганын билдирди. Анын пикиринде электр кубаттуулугун кайра бөлүштүрүү компаниялары менчиктештирилсе инвесторлор тартылып, ыгы жок жоготууларга бөгөт коюлат.

-Электр тармагында менчиктөө боюнча мыйзамды өткөн жылы июнь айында кабыл алдык.Ошондо Бишкек ТЭЦин, Камбарата ГЭСтерин келечекте менчиктештирип же сатсак болот. Мен ойлоп атам бул туура эле чечим болмок Мисалы чоң бир инвестор келсе ТЭЦти көтөрүп кете албайт да. Аны модернизациялап, тетиктерин жаңыртат эле. Учурда ТЭЦ 200 меговатт берип атат. Анын көлөмүн 500-600 меговаттка көтөрсө болот. Эгерде бөлүштүрүү компаниялары менчиктештирилсе жоготууларды токтотуп, бир тыйындан бери чогултушат. Биз каражаттын тартыштыгынан энергетика тармагын жаңырта албай, жоготууларды токтото албай жатабыз.

Ал эми экономика илимдердин доктору Айылчы Сарыбаев энергетика жана отун ресурстары министринин орун басарынын пикирине каршы. Окумуштуунун айтымында, электр тармагынан түшкөн пайданын 50 пайызы эле мамлекеттин казынасына түшүп, калган 50 пайызы коррупционер чиновниктердин “капчыгына” куюлат. Сарыбаевдин көз карашында Камбарата ГЭСтерин жана кайра бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү барып келип карапайым элдин жашоо-турмушун ого бетер оорлотот.

-ТЭЦтин, ГЭСтин, бөлүштүрүү компанияларынын сатылышы бул албетте кээ бир коррупционерлердин кызыкчылыгы үчүн болуп аткан иш. Мунун бардыгы мамлекеттин менчигинде калса деле болмок. Мамлекет өзү деле башкарууну жакшылап уюштурса. Коррупцияны жойсо. Кылмыштуулукка катуу жаза көрсө. Финансылык тартип деп коет. Ошонун толук сакталышына көзөмөл кылса эч кандай менчикке сатуунун кажети жок болот эле. Бул жерде мамлекеттик башкаруунун алсыздыгы, коррупциянын күчтүүлүгү көрүнүп турат, -деди Айылчы Сарыбаев.

XS
SM
MD
LG