Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

АРАБ ДҮЙНӨСҮ САБАТСЫЗДЫКТЫН КОЙНУНДА


Араб Лигасы жаңы жарыялаган изилдөөгө караганда, араб өлкөлөрүнүн 100 миллион жараны не жазганды, не окуганды билбейт. Алардын дээрлик жарымы аялдар. «Ошондуктан, араб коому өнүгүүнү ойлосо, улуттук өкмөттөр билим берүүгө болгон мамилени чекиндүү өзгөртүшү зарыл», деп айтылат изилдөөдө.

Араб Лигасынын билим берүү, маданият жана илим боюнча агенттигинин соңку иликтөөсү араб дүйнөсүндөгү ар бир үчүнчү адам сабатсыз экенин көрсөттү. Не кат жазганды, не китеп окуганды билбеген бул жарандардын көбү 15 жаштан 45 жашка чейинкилер.

Лондондогу Араб жана Иран таануу борборунун эсперти Алиреза Нуризаде араб өлкөлөрүндөгү сабатсыздыктын бийик деңгээли бийликтердин элге билим берүүгө кызыкпаганы менен түшүндүрөт:

-Сабатсыздыктын негизги себеби демократиянын жоктугуна, бийликке кутумчулуктун, аскерий төңкөрүштүн натыйжасында келген араб дүйнөсүнүн башкаруучулары менен улуттук өкмөттөрдүн кызыкпаганына байланыштуу. Аларды элдин сабатын ачкандан көрө жанагы коргоочу күчтөр көбүрөөк кызыктырат.

Нуризаденин айтымында, көпчүлүк ата-энелер кыз балага караганда уул баланын билимдүү болгону маанилүү деп санашат. Анын кесепетинен- араб кыздардын 46 пайызы сабатсыз. Мындай абал үчүн аялдарга жогорку билимдин кереги жок деген мусулман диниятчылары да жооптуу, дейт Нуризаде:

-Ислам өз үмөттөрүн илимди изде деп окууга үндөйт. Атүгүл Кытайда да ислам ушундай усулду карманат. Бирок, тилекке каршы, мындай келмени молдолор жана диниятчылар элге натуура таржымалдап- түшүндүрүшөт. Алар ошентип элдин жарымын түзгөн аялдарды окутпай жатат.

Лондондук башка бир эксперт Мохаммед Саиддин айтымында, көпчүлүк араб өлкөлөрүндө милдеттүү билим берүү башташкы класстар менен чектелгендиктен, жарды үй-бүлөлөрдүн балдары окуусун андан ары уланта албайт:

-Балдар мектепти 11-13 жашында таштап кеткендиктен, окугундарын акырындап унута баштайт жана мектепте окуп- жазганды үйрөнсө да 17- 18 жаштан кийин билими тайкы бойдон кала берет.

21 араб мамлекетинен ичинен сабатсыздык мунайга жарды жана эли тез өсүп бараткан Йемен, Египет, Мавритания жана Мароккодо өзгөчө жогору. Кийинки жылдары бул тизмеге Ирак да кошулган. Ал эми Кувейт, Бахрейн, Сауд Арабиясы сыяктуу мунайга бай өлкөлөр, ошондой эле Иордания жаш муун тегиз сабатуу кылууга багыт алган деп белгиленет Араб лигасынын изилдөөсүндө.

XS
SM
MD
LG