Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

АСКАР АКАЕВДИН МҮЛКТӨРҮ К.БАКИЕВДИН ЖАКЫНДАРЫНА ӨТТҮБҮ?


2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин мурдагы президент А.Акаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына тийиштүү делген мүлктүн көбү жарыя айтылып, алардын айрымдарын мамлекетке кайтаруу жайында кеп боло баштаган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иштерин козгогон. Экс-президенттин чет өлкөлөрдөгү дүйнө-мүлкү тууралуу маалыматтарды таап чыгуу милдетин алган кайсы бир адвокат кеңсесине жарым миллион доллар насыя акча төлөнүп берилген. Убакыт өткөн сайын Айдар Акаев менен А.Тойгонбаевдин мындан үч жыл илгерки тема унутта калып баратат.

Айрым маалымдоо каражаттарынын ырасташынча, А.Акаевдин күйөө баласы А.Тойгонбаевге тиешелүү эки компания “Манас” эларалык абамайданындагы АКШнын аскерий учактарын авиакеросин менен жабдып турган. 2001-жылдан бийлик алмашкан 2005-жылга чейин ал компаниялардын эсебине Пентагон 13 миллион ашуун доллар акча которгон.

А.Тойгонбаевдин Конституциялык сот имаратынын жанындагы “Инвестпроект” офиси 2002-жылдын башында тонолуп, андан “жалпы Кыргызстандын күйөө баласынын” эки күндүк кирешеси 280 миң ашуун сом, 80 миң доллар акча уурдалганы маалымдалган.

Кыргызстандын кирешелүү делген спирт ичимдиктери, кант, цемент-шифер, анан да айтылуу “Вечерний Бишкек” гезитинин рекламасынан эки күн ичинде түшкөн андай акчалардын аркасы менен А.Тойгонбаев Кыргызстандагы эң бай, саясий жактан таасирдүү адамдардын бирине айланган. Анын бир мисалы катары башында 5 миллион долларга бааланган Канттагы цемент-шифер комбинатынын А.Тойгонбаев баштаган казакстандык ишкерлерге 1,7 миллион долларга сатылып кетишин көрсөтсө жарашат.

Ушу тапта Канттагы цемент-шифер комбинаты экиге бөлүнүп, бири Кант цемент заводу аталып, анын акцияларынын контролдук пакети казакстандык “Каспий ресурстары” компаниясынын колунда. Ишкананын аткаруучу директору Павел Гиршс өткөн жылдын 19-октябрында акционерлердин кезексиз жыйынында ишкананы экиге бөлүү тууралу чечим кабыл алынышынын себеп-жөнүнөн кабарсыз экенин, өткөн жылы комбинат 1 миллион 45 миң тонна цемент чыгарганын маалымдоо менен чектелди.

- Завод ыраатында иштеп жатканын айта алам. Акционерлер заводду жаңылоо, оңдоо үчүн көп акчаларды сарпташyуда. Продукция көлөмү жыл сайын көбөйүүдө. Инвестордун айтканын аткарбады деп айтышка эч кандай негиз жок.

Кыргызстандагы эң кирешелүү ишкананын акцияларына кимдер ээ экени жалпыга жарыя кылынбай турган коммерциялык сыр. Аны өнөр жай, энергетика, отун-суу ресурстары министрлигинин жооптуу кызматкери Кубанычбек Турдубаев да ырастады.

- Бул жашыруун маалымат. Аны биз бере албайбыз.

Канттагы цемент-шифер комбинатынын менчиктештирилиши кандай өткөнүнөн жакшы кабардар Кыргызстандын мурдагы Башкы прокурору, экс-депутат Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, А.Акаевдин жакындары мамлекеттик дүйнө-мүлккө кандай жолдор менен ээлик кылса ошондой эле ыкмадан кийинки бийлик деле баш тарткан жок.

- Жасабайт булар, себеби өздөрү алышты да. Ушул эле.

Айтса, бийлик алмашкандан кийин А.Тойгонбаев опсуз чоң киреше алып келчү “Вечерний Бишкек” баш болгон маалымдоо каражаттарынан да айрылган. Сот чечими менен арбын нускалуу басылма мурдагы ээсине кайтарылды. Ушундай эле тагдырга А.Тойгонбаевдин “Манас” абамайданындагы АКШ аскерий учактарын авиакеросин менен камсыз кылып турган компаниялардын бирөө толук мамлекет эсебине өтүп, экинчиси австриялык ишкерлердин колунда. “Манас” эларалык абамайданы ачык акционердик коомунун пресс-кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиеванын маалымдашынча, эки компаниядан тиешелүү салыктар толугу менен төлөнүүдө.

- “Манас менеджмент” жана “Аалам сервис” компаниялары жөнүндө айтсак, “Аалам сервис” компаниясы 100% “Манас эларалык абамайданы” ачык акционердик коомуна тиешелүү. Ал эми “Манас менеджмент” компаниясынын 20% акциясына “Манас эларалык абамайданы” ачык акционердик компаниясы ээ. Калган 80% акция австриялык “Финреп” компаниясына тийиштүү.

А.Бекназаров акаевдер ээлик кылган дүйнө-мүлктөрдүн кыйласы жаңы бийликтьин таасирдүү адамдарынын энчисине өттү деген пикирде.

- Мына Шампанвинкомбинатты 1 миллион 200 миң долларга гана алышты. “Бителди” 20 миллион долларга алышты. “Бителдин” баасын билесиңер 200 миллиондон ашун болчу.

Мыйзам үстөмдүгү жок жерде таасирдүү аткаминерлердин айткан-дегени өктөм чыгып, дүйнө-мүлк бөлүштүрүү бийлик алмашкан сайын кайталана бере тургандыгын ушу тапта Кыргызстан өз башынан кечирүүдө.
XS
SM
MD
LG