Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

САСЫГАН БАЛЫКТЫН БАШЫ АКҮЙДӨБҮ?


“Өкмөт ысык суу менен жылуулук энергиясынын баасын көтөргөнү жатат. Буга кандай дейсиз?
Кыргыз президенти К.Бакиев коррупция менен күрөштү күчөтүү керек деп айтты. Ага кандай дейсиз?” деп айрым атуулдарга кайрылган “Общественный рейтинг” гезитинин суроолоруна долбоордун координатору Янина Жамойдик айым, Бишкек тургундары Жаңы жыл тосуп жатып дайыма баалардын кымбаттаарын күтүшөрүн, бул көнүмүш адат болуп калганын, кымбаттоого каршы калктын массалык митингке чейин өсүп жетчү нааразылыгы деле чыга койбостугун, болгону шаардыктар өз үйлөрүндө олтуруп алып өкмөттү каргап-шилеп тим болорун, тилекке каршы ысык суу менен жылуулук энергиясына баа жылыга көтөрүлгөнү менен аларды техникалык жактан тейлөө сапаты мурдагы эле бойдон калып келатканын айтып жооп берип, ал эми президенттин коррупцияга каршы күрөштү күчөтөлү дегенине, элде “Балык башынан сасыйт” деген накыл кеп барын, ал эми балыктын башы дал ошол өкмөт олтурган Акүйдө жаткандыгын айтып жооп берсе, экономист Дамир Эсеналиев, кымбаттоо боло берерин, ал эми коррупция маселесине келгенде кантип күрөшүүнү адегенде эл менен жаш муундарга өлкө лидерлери өзүлөрү көрсөтүшү керектигин айтат. Ал эми Америка университетинин окутуучусу Эленора Прояева айым, кылымдан бери келаткан проституцияны жое албаган сыяктуу эле коррупцияны жоюш мүмкүн эмес деп жооп берген. Ушул эле гезит, жаңырган жылдан тартып көгүлтүр оттун баасы 45 пайызга жогорулаганын, марттан баштап Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жолкире акысы 5 сомдон 10 сомго кымбаттаса, апрелден тартып Кыргызстандыктар үчүн электр энергиясынын баасы 30 пайызга кымбаттай тургандыгын маалымдады.

Оштогу жер титирөө менен болуп өткөн шайлоонун ортосунда байланыш барбы? “Лица” гезити бүгүнкү жаңы санында парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясына Оштон 2500 адам добуш бергенин, бул сан 0,5 пайыз тосмону ашып өттү дегенди билдирерин, бирок элдин добушун бийлик жеп койгонун шайлоо протоколдорунан алынган эсеп-кысаптар менен мисалга тартып, кечээ редакцияга Оштон бир аял:”Оштогу жер титирөө бекер жерден болгон жок. Бийлик элди көзкөрүнөө тебелеп-тепсегендиги үчүн кудай ушинтип жазалай баштады. Эми Кудайдын мындай жазасы бир эле Ошто эмес, дагы далай жерде болот” деп телефон аркылуу ыйлап чалганын жазды. Гезит ошондой эле бүгүн парламентке келип сүйлөй турган Кыргызстандын президенти К.Бакиевдин оозунан энерго тармагын менчиктештирүүнү колдоп бергиле деген сөз чыгарын саясат таануучу Нур Омаровдун “Бишкек пресс клубуна” берген интервьюсу аркылуу билдирген, анын ою боюнча президент энерго тармагын менчикке берүүдөн сырткары саясый мүнөздөгү да билдирүү жасайт, ал ушул жылы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого баруу тууралуу айтышы мүмкүн, анткени 2007-жылдагы референдум менен шайлоонун “ийгиликтүү” өтүшү аны катуу шыктандырып, эйфорияга малып салды, ошондуктан ал оппозициянын сынган бели түзөлелектен пайдаланып президенттик мөөнөтсүз шайлоо жасай салуу оңтоюн колдон чыгаргысы келбей жатат. Мунун баарын президент өлкөдөгү саясый абалды мындан ары турукташтыруу, экономика менен алектенүү аркылуу түшүндүрөт. Ошентип президенттик шайлоо өткөрүүнүн дагы бир үлгүсүн бүгүн биз жаңы келген парламент аркылуу көрөбүз, дейт саясат таануучу Нур Омаров. “Лица” гезити бул санына адам укугун коргоо боюнча КР президентинин алдындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун менен аңгеме-дүкөнүн да жарыялады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG