Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча, келишимге байланыштуу документтер парламентке келип түштү. Бирок ал тийиштүү комитеттерде каралып бүтө элек. Ошондуктан комитеттерде бул маселе каралып бүткөндөн кийин Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилет. Парламенттин январь айындагы күн тартибине 22 маселе киргизилгени маалымдалууда. (AiT)