Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Кыш чилдесинде кар калың түшүп өлкөнүн тоолуу аймактарында ит-куш, карышкыр күч алып, төрт түлүк малга зыян кылууда. Адистердин айтымында өлкөдө учурда 5 миңден ашуун карышкыр катталган. Бул нормадан эки эссе көп дегендик.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин мергенчилик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Мусаевдин айтуусунда өкмөттүн атайын буйругу менен жырткыч жаныбарларды атуу боюнча токтом чыккан. Себеби өлкөнүн аймагында карышкырдын саны кескин көбөйүп, адистердин айтымында 5 миңден ашып кеткен. Карышкырлардын санын азайтуу багытында жогоруда аталган агенттик облустарга 2 млн. 76 миң сом каражат бөлгөн. Иш чаранын негизинде былтыр өлкө боюнча 178 карышкыр жана 322 чөө атылып, алар менен кошо жара тарткан малдын эти да өрттөлгөн.

Мергенчилик чарбасынын билдирүүсүндө жырткычтарды атуу, көзөмөлгө алууда ок дары, күйүүчү май жетишсиз. Алар өкмөткө караштуу жаратылышты коргоо жана көзөмөлдөө боюнча токой чарбасы боюнча агенттиктен бөлүнгөн акча каражаты колго тийе элек.

Учурда Кыргызстандын бир катар жайлоолорун карышкыр каптап, малды чоң-кичинесине карабай кырып-жеп кетип аткандыгы маалымдалууда. Жакырчылыкты жоюу ураанын көтөргөн мамлекет тарабынан карышкырларды атып-азайтуу иш-чаралары жакшылап өткөрүлбөгөндүгүнө карапайым калктын нааразылыгы күч.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен алынган маалымат боюнча Кыргызстанда былтыр карышкырлар 160тай ири мүйүздүү мал, 200дөн ашуун жылкы, 60 топозду жана 2 миндей кой- эчкини жара тартып, зыян кылган.

Карышкырлар, башканы кой, жылкыларга тынымсыз тиш салып киргендиги элдин үрөйүн учурууда. Улуттук илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү профессор Абдыкадыр Садыковдун айтымында карышкырлар короодогу малды колдон талашып турган учуру. Аларды атып жок кылууга мылтык жоктугун айтып, мергенчилик уюмдарынын бөлүмдөрүн райондорго ачууну сунуштайт.

- Азыр Союз убагындагыдай адис мергенчилер жок, болсо да карышкырларга каршы колдончу жарак-неси, ок-дарысы таптакыр жетишсиз. Мурункудай малдын коопсуздугу үчүн камкордук көрүлбөйт. Санитардык тазалоо жүрбөйт. Экинчиден, карышкыр аткандарды чегарачысыбы, милициясыбы, токойчусубу, барып эле басып жыгылып ,курал-несин тартып алат. Жыйырма миң сомдой айып пул салат. Анан карышкыр көбөйбөгөндө эмне көбөймөк эле! Карышкырлардын санын чектөө - программалуу мамлекеттик иш болуш керек.

Кеминдик фермер Ислам Исраилов мал чарбасына чоң зыян апкелип жаткан карышкырларды азайтуу иш-чаралары мамлекет тарабынан күчөтүлбөгөндүгүнө кейиди. Райондук акимчилик менен айыл өкмөттөрүнүн дал ошол карапайым элден кабар алуусун, алардын көйгөйүн чечүүгө жардам беришин талап кылды.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин мергенчилик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Мусаевдин пикиринде чындыгында эле карышкырга каршы мамлекеттик иш-чаралар 1998-жылдан баштап абдан начарлап кеткен, бирок эки жылдан бери кайра оңоло баштаган.

Өткөн жылы бар болгону 491 чөө, 249 карышкыр жок кылынган. Карышкырлардын он пайызы да кыскарган эмес. Эскерте кетчү жагдай, бир канчык карышкыр аткан мергенге 2500 сом, бир дөбөт карышкыр атканга 2000 сом, бөлтүрүк үчүн 1500 сом, чөө үчүн 800 сом сыйлык акча берилет. Үстүбүздөгү жылы да карышкыр-чөөгө каршы күрөш үчүн 2 миллиндой сом каралмакчы.

Бирок айыл-кыштактарда кимдер карышкыр атып сыйлык алгандыгы жөнүндө дегеле маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG